Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 06:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Каракол шаарында жолдун ортосунда дрифт уюштурган айдоочуга айып салынды

06.07.2022 11:26
449
Каракол шаарында жолдун ортосунда дрифт уюштурган айдоочуга айып салынды


Каракол шаарында жолдун ортосунан дрифт уюштурган айдоочуга 7 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-июлда "Тойота-Карина" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жаңыдан реконструкция иштери аяктап, асфальт төшөлгөн шаардын негизги көчөлөрүнүн биринде дрифт уюштурган. Бул жосунсуз окуяга күбө болгондор дароо Каракол ШИИБге билдиришкен.

Милиция кызматкерлери тарабынан тийиштүү чара көрүлүп, аталган унаанын айдоочусу аныкталып кармалган. Ал Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну К.Б болгон.

Жол эрежесин бузган жаранга Укук бузуулар кодексинин 189-беренеси ("Автоээнбаштык") негизинде протокол түзүлүп, 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, унаа айып короосуна киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн