Каракол суусуна чөгүп кеткен эркек кишинин денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-август күнү Каракол капчыгайында 1987-жылы туулган эркек киши Каракол суусуна чөгүп кеткен.
Бүгүн, 14-август күнү издөө иштерине КР ӨКМнен жалпы 30 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 20 киши тартылып, саат 13:07де куткаруучулар тарабынан табылып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Белгилей кетсек, буга чейин Каракол суусуна түшүп кеткен 33 жаштагы адам изделип жатканы кабарланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн