Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Караколдо эстен танган жаранга милиция кызматкерлери жардам көрсөттү

02.07.2021 09:40
477
Караколдо эстен танган жаранга милиция кызматкерлери жардам көрсөттү



Каракол шаарында Түп районунун тургуну К.С. күн ысыгынан улам эсинен танып, кулап кеткендиктен башын тротуардын оозуна уруп алган. Окуяга күбө болгон милиция кызматкерлери, дарыгерлер келгенге чейин жаш жигитке жардам көрсөтө алышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Окуя 1-июлда Каракол шаарынын сейил багында түшкү мезгилде орун алган. Фонтандын жанынан өтүп бара жатып, 31 жаштагы Калыс өзүн начар сезип, эсинен танып кулаган. Так ошол мезгилде, окуя болгон жерде Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик милициясынын инспекторлору, милициянын лейтенанттары Талант Өмүралиев жана Эламан Сагынбеков бекитилген маршрут боюнча кызмат өтөп жатышкан. 


Милиционерлер жигиттин эс-учун жоготуп, тротуардын оозуна башы менен жыгылганын байкашкан. Башы менен катуу урунгандан улам, жигиттин мурдунан кан тынбай аккан. Анын жанына жакындаганда, жигит эсин жоготуп алгандыгын байкашкан.


Убакытты текке кетирбестен, милиция кызматкерлери аны көлөкөгө алып барышып, биринчи жардам көрсөтүп, тез жардам кызматынын дарыгерлерин чакырышкан.


- Аны оң капталына жаткырып, муздак суу менен бетин, денесин сүрттүк, үстүндөгү кийимдерин бир аз бошоттук. Аккан канын токтотууга аракет кылдык. Бир аз убакыттан кийин жигит эсине келип, тез жардам кызматы келгенге чейин өзүн жакшы сезип калды, - дейт милициянын лейтенанты Талант Өмүралиев.


Милиция кызматкерлеринин айтымында, ички иштер органдарында кызмат өтөп жүргөндө ар кандай кырдаалдар болгон, бирок мындайга биринчи жолу туш болуп жатышат.


- Адамдын өмүрү - эң маанилүү баалуулук. Биздин ордубузда болсо, башка адамдар да жардамды көрсөтүшмөк. Биздин колубузда адамдын өмүрү турса жана ал жоопкерчиликти биз толук сезип турсак, албетте жардамыбызды көрсөтөбүз, - деп сөзүн жыйынтыктады милициянын лейтенанты Эламан Сагынбеков.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн