Теке 29, 2025
Убакыт: 01:16
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Караколдо жолдорду оңдоодо мамлекетке 28 млн сомдук зыян келтирилген

28.07.2025 18:14
23
Караколдо жолдорду оңдоодо мамлекетке 28 млн сомдук зыян келтирилген


Каракол шаарынын муниципалдык жол чаба ишканасынын мурдагы директору жана курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 


Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө Каракол шаарынын негизги көчөлөрүн капиталдык оңдоодо жана сатып алууда мыйзам бузуулар аныкталды.


Алсак, Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын экс-директору Д.Э.Э. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2023-жылдын августунда Жакыпов көчөсүнүн 660 метр капиталдык ремонтуна "Г-У" ЖЧКсынын жетекчиси Г.Ш.Г. менен биргеликте 24,5 млн сом суммасында сатып алуу жол-жоболорун бузуу менен түз келишим түзгөн.


Мындан тышкары, аталган участоктогу оңдоо иштери сапатсыз материалдарды колдонуу менен, ошондой эле 3 млн 62 миң сомго жумуштун көлөмүн жогорулатуу менен аткарылып, жыйынтыгында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.


Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын мурдагы директору Д.Э.Э. жана курулуш ишканасынын жетекчиси Г.Ш.Г. кармалып, 2 айга Каракол ШИИБдин тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн