Караколдогу зоопаркта эркек Түркистан сүлөөсүн ылаңдап калган. Бул тууралуу "Бугу Эне" коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сеитова билдирди.
Анын айтымында, сүлөөсүндөн этиологиясы белгисиз эки тараптуу пневмония аныкталган.
"Түнү менен аны реабилитациялык борборубузга тезинен алып келип, текшерип, дарыладык. Бүгүн ага рентген жасалып, текшерүүдөн өттү. 6 жыл мурун ал тоодогу өлүмдөн куткарылган. Азыр анын өлүмүнө жол бербөөгө аракет кылабыз. Күнү-түнү бизди кабыл алууга дайым даяр болгон Томас ветеринардык клиникасынын ветеринарларына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз",- дейт Сеитова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн