Теке 26, 2025
Убакыт: 19:15
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Эмгегиңер баа жеткис! Караколдо дарыгерлерге жергиликтүү тургундар гүл тартуулашты

26.03.2020 10:32
950
Эмгегиңер баа жеткис! Караколдо дарыгерлерге жергиликтүү тургундар гүл тартуулашты


Караколдо атайын акция өтүп, инфекциялык  бейтапканадагы дарыгерлерге гүлдөрдү тартуулашты. Бул тууралуу социалдык тармактагы колдонучулар жазып чыгышты.


Дарыгерлерге алардын күнү-түнү талбай эмгектенип жатканын эске алып аларга гүлдөр таркатылган.


“Караколдун инфекциялык бейтапканасы 2 жумадан бери жумуш ордунан жылбай, жакындарын көрбөй иштеп жатышат. Биз алардын кесипкөйлүгүнө ушундай жол менен ыраазычылык билдирүүнү чечтик”, - деген уюштуруучулардын бири Антон Анохин.


Эске салсак, өлкө аймагында коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 44 адамга жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн