Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:01
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Карашев министрликти авиапаркты жаңылоого өзгөчө көңүл бурууга чакырды

20.05.2020 16:31
1041
Карашев министрликти авиапаркты жаңылоого өзгөчө көңүл бурууга чакырды


Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “2019-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында 2006-жылдын 11-июлунда Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз өкмөтү менен Корея өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.


Жыйында мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Закир Шарапов аталган протокол Кыргызстан менен Корея мамлекетинин ортосундагы аба каттамдарынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, келишилген каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин айтты.


Талкуу маалында депутат Аалы Карашев парламент жарандык авиацияны өнүктүрүүгө багытталган Транспорт жана жолдор министрлигинин бардык сунуш, демилгелерин колдоп келгенин белгиледи.


Жогорку Кеңеш бешинчи деңгээлдеги аба эркиндигин камсыздоо боюнча аба кодексине киргизилип жаткан түзөтүүлөрдү жана “Ачык асман” саясатын ишке ашыруу маселелерин колдоп берди. Сиздерде азыр коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү авиаташуулар үчүн бардык ресурстар бар”, - деди. Ошондой эле эл өкүлү авиапаркты жаңылоого өзгөчө көңүл бурууга чакырды. 

Талкуу соңунда мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн