Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 19:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Каркыраны дүңгүрөткөн таймаш, же алп Кошойдун мамлекеттүүлүккө кошкон зор салымы

03.11.2023 10:46
2971
Каркыраны дүңгүрөткөн таймаш, же алп Кошойдун мамлекеттүүлүккө кошкон зор салымы


(Башы өткөн санда)


3. “Көкөтөйдүн ашындагы” каңгайлык империя өкүлдөрү менен кыргыздардын ортосундагы көмүскө айтышуу 


Түркүн-түркүн элдин өкүлдөрү катышкан жамбы атыш, ат чабыш, балбан күрөш, эр эңиш, эр сайыш мелдештери биринин артынан бири өтө баштайт. Сыртынан караганда, аштын шаңдуу, салтанаттуу атмосферасында жайынча спорт оюндары өтүп жаткансыйт. Бирок ич жагын үңүлүп карасаң, ошол спорт мелдештери кадимки «согушту» элестетет. Бул негизинен кытай менен кыргыздын көмүскө «согушу». Ар бир мелдеште каңгайлыктар менен ала-тоолуктардын ортосунда астыртан өлөрчө атаандашуу, эрегишүү, жыйрылган пружинадай чыңалган психологиялык кырдаал, конфронтация өкүм сүрүп турат. «Киши-киши дебеймин, тарткан этиң жебеймин» деп теңсинбей, кечээки «кулдардын» өзүнчө мамлекет болгонуна ичи өрттөнүп, империялык амбициясы башынан ашкан Коңурбай ар бир мелдеште кыргыздарды утууну, артка таштоону, биринчиликти бербөөнү, мөрөйгө жетишип дүңгүрөгөн жеңиштери менен ар түркүн калктардын көзүнчө Манастын журтун басынтып, үстөмдүк кылууну, кытайдын артыкчылыгын далилдөөнү эңсеп, элеп-желеп болуп турат. Бирок канчалык далбастаса да, эңсегени ишке ашпай, «ити чөп жебей» туруп алат. Жамбы атууга «көзгө атар» деген мергендерин алып чыгып, өзү баш болуп Коңурбай мелтирей мээлеп, керилип туруп жаасын тартса да, жебеси бутага тийбей, обологон бийикке илинген жамбы ордунан козголбойт. Эр эңиштен да Шаңдөөгөр деген балбаны жеңилип калат. Империянын намысынын кетип жатканына туталанган Коңурбай төрө элин чогултуп: «Түркүстөн жери кең болуп, кылым кытай журтуна, кырдагы кыргыз тең болуп, өтүп кетип баратыр, жаккан оту кытайдын, өчүп кетип баратыр» деп жаалданып, ат чабышта буруттун күлүктөрүнүн «астынан каршы чыгыңар, атын тосуп жыгыңар, аянбагын баарыңар, атын жыгып салыңар» деп жашыруун буйругун берип өчөшүүнү күчөтөт. «Айылы жакын турбайбы, алакандай кыргызга, алдырсак арбак урбайбы!» деп Коң төрө жер тепкилейт. Кырдагы кыргыздын кытайга тең болуп, атүгүл андан ашып, мөрөй алып жатканына ичи күйүп, жазмыштын мындай тартуусун көтөрө албай, Коңурбай чабалактайт.


Ооматы келип, жылдызы жанып, төгөрөктүн төрт бурчунан мейман чакырып, Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык кылып, дүңгүрөтүп аш берип жаткан, өзүнүн түптүү журт экенин, өз алдынча мамлекет экенин туйгузуп отурган кыргыздар да аштын мелдештеринде алдына киши чыгарбай мөрөйгө ээ болууга, өздөрүнүн күч-кубаттуулугун далилдеп, бөлөк көздөрдүн көзүнчө аброюн бекемдөөгө, кыр көрсөткөн кытайлар менен «кыл чайнашууда» намысты алдырбоого өзгөчө таңсык каңгайлыктарга, бээжиндиктерге эгемендүү кыргыз мамлекетинин бели бекем, түбү түптүү, казынасы калың экендигин, алышканга алдырбас, жарышканга жеткирбес, эч кимге жемин жедирбес жөндөмдүүлүгүн көпчүлүккө көкөлөтүп көрсөтүүгө, амбициясы ашынган мурдагы кожоюндарды акылына келтирүүгө бөтөнчө Манас куштар. Спорт оюндарындагы, аштын жарыштарындагы кыргыздын ар бир жеңиши Манас үчүн моралдык гана эмес, саясый мааниге да эгедер. Мындай жагдайды Манастын кырк чоросу да курч сезип турат. Мына ошон үчүн “калмактын түктүү таман Түлкүбай балбаны менен күрөшкө түшүп бер” деп чыканактай эр Агышка Манастын атайын тапшырмасы менен шашылыш келген Кыргылчал моминтип толкундана, жалбарып сүйлөп турат:


Түрү сүрдүү калмакка

Туруп күрөш салып бер,

Алакандай журтуңдун

Чын намысын алып бер.

Чамаң жетпей баратса,

Балбандан кордук көрүп бер.

Жыгылды Агыш дедирбей,

Намыс кетип калганча,

Тирүү жүрбөй өлүп бер!


Алдыдагы иштин жооптуулугун таамай түшүндүргөн, чегине жете курч айтылган, эмоцияга карк бул сөздөрдөн кырк чоронун башчысы Кыргылчалдын Түкүбай калмак менен болчу күрөштү тагдырга тете нерсе катары түшүнөрүн, улуттун, мамлекеттин ар-намысы таразага коюлуп жаткандыгын ажосу Манасча туюнарын, мелдештердеги кыргыз-кытай конфронтациясынын чынында эле апогейине жетип тургандыгын айкын көрүп турабыз. Тирешүүнүн градусу ушунчалык жогору деңиз, аштагы кандайдыр бир эки баатырдын, эки балбандын эрөөлү бул экөөнүн гана кармашы эмес, кыргыз менен кытайдын беттешүүсү катары, ал эми жеңилип калуу бир инсандын гана кайгысы эмес, бүтүндөй элдин, мамлекеттин намысын алдыруу, кыргызды же кытайды уятка калтыруу катары кабыл алынып жатат. Коңурбай жанагинтип «кырдагы кыргыз өтүп баратыр, кытайдын оту өчүп баратыр» десе, Кыргылчал Агышка «намыс кетип калганча, тирүү жүрбөй өлүп бер, имерип ичтен чалып бер, кыргызга намыс алып бер» деп атпайбы. Бир сөз менен айтканда, мелдеште жеңип, мөрөй утуу эки тарап үчүн тең стратегиялык мааниге ээ болуп отурат. 


4. «Алты батман буудай жеп, дан жыттанган, алтымыш алпты бир союп, кан жыттанган» Жолойдун күрөшкө чыгышы


Ал аңгыча болбоду, мурдатан кеңешип, макулдашып, камынып коюшканбы, калмак-кытай тараптан бүтүндөй Азия аймагына атагы жайылган, бир жагынан хан, төрө, экинчи жагынан «алты батман буудай жеп, дан жыттанган, алтымыш алпты бир союп, кан жыттанган», «жан казандай башы бар, жаткан иттей кашы бар», кирпиктери өтөккө чыккан чалкандай, кулактары калкандай, балтыры өгүз белиндей, оозунан чыккан илеби улуу белдин желиндей», арка далысын караса, «ат жарышчу талаадай» болгон айтылуу алп Жолой арстандай күркүрөп, пил басыш менен майдан талаасына басып чыкты. Мына ушинтип, тоодой болгон алп Жолой күтүүсүз жерден майданга чыгып, кыргыз менен кытайдын ортосундагы чыңалууну огобетер күчөтүп таштады.

       

5. Кошой деген ким? Же 85 жаштагы аксакалдын психологиялык драмасы


Айрыкча Жолой ашты башкарып турган Кошой карыяга капилеттен чыккан каргашадай болуп оор тийди. «Кан башы менен бу доңуз, түшкөнүн кара балбанга» деп ичинен тынчы кетип санааркады. Бул жерде терең карасак, Кошой карыя өзү үчүн тынчсызданган жок. “Жолой менен күрөшөм” деген ой азырынча анын оюна да келбейт. Бул жагынан ал бейкапар. “85теги аксакал адам күрөшкө чыгат” деген ой кыргыздын да, кытайдын дагы көөнүндө жок. Кошойдун санааркаганы: “Жолой доңуз менен теңата болуп чапчышар балбан кыргыз-казактан чыгабы?” деген күдүк ойдон улам болуп жатат. “Ким чыгат?” деп Кошой айгай салып, Аксур жоргосун алчактатып эл аралаганда, кыргыз-казактын ичинен, башка түрк-мусулман калктарынан бир да талапкер чыкпады. Балбансынып тургандар Жолойго даабай, бири да «мен чыгам» деп үн катпады. Ачуусу келип күүлөнүп, «Абакең Кошой акырат, «балдар бириң чыккын, - деп, -- мактантпай муну жыккын» деп айгай салып бакырат». Күрөшкө эч ким чыкпай койгон соң, акыры ал аргасыздан өзү жөнүндө ойлонду. Өзүнүн Жолойго атаандаштыгы тууралуу ой башына келгенде, «э Кудай, сакалымдын агында, сапар кетер чагымда, Жолойду беттегенге мен калдымбы!? Ушул нерсе 85теги чалдын үлүшүбү?» деп ичинен күйүнүп, «ээрдеги чагарак, калдырата кагыптыр, кара жерге багыптыр». Тагдырдын мындай тамашасынан улам Кошой ичинен психологиялык катуу бушаймандангандыгы, анын төмөнкү өзүнчө күбүрөнүп-күңкүлдөп, туталанып тилденгенинен ачык көрүнүп турат: «Кайрат кылып баарына, канчалык айтсам укпады, карарган дөөнү жыкпады, кара оозуңа кан толгур, кайрылгысыз күн болгур, куру оозуңа кум толгур, кубангысыз күн болгур!». Бул эмоцияга карк саптар Сагымбай манасчынын каармандын ички дүйнөсүндө өтүп жаткан уйгу-туйгуну көрсөтө билген чеберчилигине күбө болорун айта кетели.

Аксур жоргонун үстүндө ары ооп, бери ооп, ойлонуп туруп, акыры Кошой Жолойго өзүнүн атаандаштыгынан башка жол жок экенин түшүндү. Ырасында эле Жолой дөө менен беттешүүгө бел байлаган Кошой дегенкиси ким? «Кошой Манаска чейин эле атажуртту баскынчы душмандан бошотууга өз алдынча кыйла ийгиликтүү аракет кылган баатыр. Кошой «калк атасы», «эл атасы», «элдин уюткусу», «олуя», «даанышман», «акылман» деген эпитеттер менен сыпатталат. Кыргыз журтчулугунун ичиндеги эң улуусу, ары акылман, калыс, алп турпанына төп келген кайрат-күчү мол адам. Кошойду Манас баштаган бардык кыргыз баатырлары кадырлап, зор урмат менен «Абам Кошой карыя» деп кайрылышат. Эл ичинде зор кадыр-баркка ээ болгон Кошой бардык кыргыз уруулары баш кошкон чоң жыйындарды башкарат (мисалы, Көкөтөйдүн ашын башкаруу ага ыйгарылат), орчундуу маселени чечүүдө эл ага кайрылат, анын кеңешин угуп, жардамын алышат» («Манас» энциклопедиясынан).


Ушундай «эл атасы», элдин арка-жөлөгү деп аталган, өз калкынын идеалы деп айтарлык, атак-даңкы таш жарган, адеп-ахлак аброю көкөлөгөн, «артта жүрсө сан колдой, алдыда жүрсө акжолтой» деп бааланып келген адам кокус күрөштө жыгылып калса эмне болот? Бул айлап, жылдап, кылымдап кызылдай мээнет менен курулган храмдын кыйрашына тете иш болмок. Бул бир боор калк үчүн да, Манас үчүн да кайгы, Кошойдун өзү үчүн да трагедия болмок. «Калк атасынын ушул кадыр-баркым, атак-аброюм менен дүйнөдөн көчсөм” деген тилеги бар эмес беле? “Сексенден өткөндө күрөшөм” деп оңкосунан түшүп калып, дос-душманга күлкү болуп, абийири айрандай төгүлмөкпү? Ушундай коркунучтуу санаа түпкүрдөн ойгонуп, көөдөнүн «сайгылап» жатса, «атаганат дүнүйө, алтымышта жолукса албайт белем калмакты» деп абакеңиз ичтен «боркулдап кайнап», кантип арман кылбайт? Акыл-эсинде, рухунда түрдүү ой-санаалар бири-бири менен кагылышып, жандүйнөсүндөгү чыңалуу чытырата толгонуп, үзүлө турган кыл аркандай акыркы чегине чейин жетип, баатырдын ичинде нагыз психикалык драма ойнолуп жатат. 


6. Кошой – абийирдин жана патриоттук парздын кулу  


Бычак мизиндеги кырдаалда Кошойдун турушу менен абийир, бүт тулку бою, турпаты менен ар-намыс экендигин аңдайбыз. Абийир кайдыгер карап тура албайт, чыдай албайт, «кара башын» калкалай албайт. Кошой мына ушундай киши экен. Ошон үчүн ал «кан жыттанган» алп Жолойго айыгышууга барууга «жок» дей алган жок, баш тарта албады. Балбандар жанагинтип батынбай койгондо, “мен чыкпасам ким чыгат?” деген сөз көөдөнүнөн кандай ыргып чыгып кеткенин ал өзү да билбей калды. Абийир аны токсонду карай томолонгону турганына карабай майданга алып жүрүп кетти. Жоокердик заманда нагыз баатырдын, рыцардын адеп-ахлагынын, кан-жанынын тамыры калайык-журттун, тууган жердин кызыкчылыгында, жамааттын муктаждыгында, мамлекеттин мүдөөсүндө. Ал мындайча айтканда, мамлекеттин эле өзү. Ал – коллективист, анын руханияты корпоративдүү. Кошой дал ушундай баатыр, анын социалдык жаратылышы ушундай. Ал – коомдук милдеттин, парздын кулу. Кыскасын айтсак, «Көкөтөйдүн ашындагы» майданда бүткүл кыргыздын жападан жалгыз үмүтүнө айланып, империянын дөөсү менен «өлүшкөнү» бараткан 85теги карыяны «таңгалычтуу кадамынын» учук-тамыры анын уктабаган уятында, абийиринде, улутмандыгында, мекенчилдик парзын Кудайындай сезгендигинде экен.


7. Эки алптын айыгышкан күрөшүнүн алааматы


Акыры жарданган, топураган көпчүлүк көксөгөн, чыдамсыздык менен күткөн гиганттардын күрөшү башталды. Эки дөөнүн адегендеги күч сынашуусу Кудай бетин көргөзбө, кан менен коштолду. Биринчи болуп Кошой билегин Жолойго сунду. «Жолой бекем тутканы, колун Кошой булкканы, кара кытай балбаны, кан Жолой бекем кармады, касиеттүү эр Кошой, бир тартуу менен Жолойдон, билегин сууруп алганы, кол терисин шыпырып, Жолой алып калганы. Кара кытай манжуунун, каалап салган балбаны, абакеңиз эр Кошой, ач билектен алганы, эки жулуп эр Жолой, эптеп сууруп алганы, шыпырылып кол тери, Кошойго кетип калганы». Кызыл жаян кан болгон билектер, териси шыпырылган колдордон тамчылаган кан көрүп тургандардын жүрөгүн түшүрүп, бул экөөнүн күрөшү күрөш эмес эле, бири-бирине ажал чачкан арбашуу болорун, трагикалык кагылыштын башталганын, бул кармашта бири өлүп, бири каларын ишаралап койду. Андан ары экөө тең ааламда жок айыгышуунун «кызыл өртүнүн» ичинде калышты. 


«Ушул жерден экөөбү

Буура сындуу булкушту,

Булчуң этин жулкушту,

Өйдө карап сүзүштү,

Өйдөгү токой жоюлду.

Ылдый карап сүзүшүп,

Ылдый токой жоюлду.

Ой жерлери дөң болуп,

Дөң жерлери ой болду.


Алптардын алышканы күндүзү бүтпөй, түн ичинде да уланышы көрүүчүлөрдүн айраң калуусун андан бешбетер күчөтүп, кызыкка «тойгузуп» жатат. Кармашты көрүү үчүн түн ортосунда жандырылган миңдеген чырактар өзүнчө бир кайталангыс жана эстен чыккыс көрүнүш. Түнкү жайнаган чырактар, жандары кыпылдап чекчейген көздөр, жарданып чурулдаган кыйтайлар, кудайлаган кыргыздар Кошой менен Жолойдун күрөшүнүн «кузгундап» кульминациясына жетип, кырбуусунан ашып тургандыгын дагы бир ирет таамай туйгузат.


8. Финал. 85теги кыргыз балбанынын Каркыраны дүңгүрөткөн трумфалдык жеңиши 


Акыры күрөштүн жүрүшүндө капыстан кескин бурулуш жана күтүүсүз чечилиш болуп өттү. Түн өтүп, эртеси чак түш болуп калган учурда бири-бирине сүйөнүп, бир паска дымый түшүшүп, кезектеги булкушууга камданып турушканда, чарчаңкы тарткан карыя Кошой көз ирмемге көшүй түшүп, андан ары саат басып, көзү илинип кетпеспи. Жолой ушул ирмемден пайдаланып, “андай-мындай” дегиче, ачып көздү жумгуча Кошойду шарт жерден томкоруп алып, башынан өйдө жогору көтөрө салып, мамындагы алачыктай болгон балбан ташка былч урууга аттап-буттап жөнөдү. Калың кыргыз «катүгүн Кошой өлдү» деп жерди жарып чуркурап жиберди. Манастын жаны чыгып кете жаздады. «Көрө салып эр Манас, айгай салып акырды, «абаке!» деп бакырды». Манас «какбаш Кошой көзүңдү ач, кай кара басып кетти, Каңгайга намыс алдырдың, жаман атка калтырдың» деп Аккуланы атырылтып келип карыяны камчысы менен май куйрукка катуу бир салып өттү. Көзү умачтай ачыла түшкөн Кошой укмуштуудай күч менен «төө мөңкүштү» салып, Жолойдун колунан чыгып, жерди аяктай калып, ошо замат кайра чабуулга өттү. Ачуусу келип, каардана кайратын жыйып туруп, ченебегендей албуут күч менен калмактын караан калган Жолоюн чаттан алып, өйдө көтөрүп туруп, жерге бир уруп, анан төшүнө минип, шарт башынан аттап кетти. Кудай бетин көргөзбөсүн, Каркыра дүңгүрөп эле жатып калды. «Эл агасынын» жеңишине чечекейлери чеч болгон кыргыздар «карыганда хан бабабыз намыс алып берди» дешип калың килемге салып, чурулдап-чуркурап, салтанат-шаң менен көтөрүп кетишти. Кошой байгеге алган мал-мүлкүн, алтын-күмүшүн бүт жарды-жалчыларга, бей-бечараларга таратып берип, өзүнүн дагы да асылдыгын, берешендигин, жоомарттыгын көрсөттү. Бирок Кошойдун элге таратып берген мал-мүлкүнөн, материалдык байлыктарынан да, кыргыз калкы үчүн «кыл көпүрөдөгү» күрөштө утуп берген рухий мөрөйү, патриоттук жеңиши кымбат болду. Анын элине «таратып берген» улуттук ар-намыс (!) деген белеги баарынан бийик туруп, Манас баш болгон ак калпак журттун маанайын жаркытып, көңүлүн куш кылып турду.


Мурдагы жылдардын биринде Кошой жаш Манас баатырга: «Мейли, кызыл  бороон жоо келсин, кулунум, кыйкырып чыгып турармын, токсонго жашым барса да, түз кирип найза сунармын, түгөнүшөр жоо чыкса, туу түбүндө былк этпей, о балам, тууңду кармап турармын» деп убада кылган эле. Жолой менен болгон күрөшү аркылуу Кошой абаке өзүнүн сөзгө турган адам экендигин, сөзү менен ишинин биримдиги ажырагыс делген адамдык аруу сапаттын ээси экендигин далилдеп койду. Кошой Азиядагы каңгай-бээжиндик империянын агрессивдүү өкүлдөрүнүн алдында кыргыздын эгемендүү жаңы мамлекетинин ар-намысын коргоп калды жана Манастын «алуучу калмак сен эмес, алдырчу кыргыз мен эмес, чабуучу кытай сен эмес, чаптырчу кыргыз мен эмес» деген сөзүнүн чын экенин ырастады. 

Демек, «Манас» эпосундагы Кошойдун Жолойго каршы күрөшү өзүнүн терең патриоттук, мекенчилдик мазмуну менен баалуу жана улуттук ар-намыстын туусун бийик көтөргөндүгү, ошону менен бирге жеңе билүүнүн философиясын алып жүргөндүгү менен кымбат. «Кошой менен Жолойдун күрөшү» «Манас» эпосунун идеялык мазмунун байытып, анын көркөмдүк-руханий кадыр-баркын жогору көтөрүп турган орошон сюжет. Кошой баатырдын күрөштө көрсөткөн каармандыгы жана жеңиши Кыргызстандын ар бир жаранына, анын ичинде өлкөбүздүн спортчуларына бийик үлгү. 


9. Кыргыздын ар бир жаранындагы Кошой рух – мекенибиздин бекемдигинин кепилдиги


Бүгүнкү күндө ар кандай геосаясый күчтөр, глобалдашуунун жана массалык маданияттын агрессивдүү чабуулдары, демократиянын беткабын тагынып, өлкөбүздүн ичине кирип алган кой терисин жамынган ар кандай «карышкырлар», диндик экстремизм мамлекетибизди түбүнөн кемирип, улутубуздун тамырын кыркып, түркүгүбүздү сууруп таштоого, эгемендүүлүгүбүздү жок кылууга көмүскө да, көрүнөө дагы умтулуп жатышат. Эл аралык «киттердин» аз сандагы улуттарды балыкча жутуп коюуга эки көзү төрт болуп турат. Ушундай шартта бүгүнкү Манастын урпактарынын ар бири өз ата журтунун эркиндигин, мамлекеттүүлүгүн коргоо, бекемдөө жана чыңдоо үчүн Кошой баатырдай тикесинен тик туруп бериши аба менен суудай зарыл. Кыргыздын ар бир атуулундагы Кошой рух – мекенибиздин бекемдигинин гаранты. Ошондуктан бүгүнкү тарбиянын милдети – ар бир жаш муунду, жаранды Кошойдун патриоттук руху менен сугаруу болуп эсептелет. Кошойдун образы аркылуу «Манас» эпосунда патриот, мекенчил жарандын өзүнчө бир модели берилген. Ушул патриоттук моделге түздөнсөк, утуп чыгарыбызда шек жок. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн