Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 02:29
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Каркыраны дүңгүрөткөн таймаш, же алп Кошойдун мамлекеттүүлүккө кошкон зор салымы

25.10.2023 12:59
2805
Каркыраны дүңгүрөткөн таймаш, же алп Кошойдун мамлекеттүүлүккө кошкон зор салымы


(“Манас” эпосундагы кыргыз жаранынын модели)


1. Каркырадагы “кылым таймашы” жөнүндө алгы сөз


Айтылуу «Көкөтөйдүн ашындагы» Кошой менен Жолойдун күрөшү «Манас» эпосунун сюжетинин болуп көрбөгөндөй бийиктикке чейин серпилип чыгып барган кульминациялык чокуларынын бири. Бу жарыкчылыкта сан-миңдеген күрөштөр болгон, бу дүйнөдө кимдер гана күрөшпөгөн. Бүгүн да күрөшүп атышат. Тарыхта изи калган далайлаган балбан күрөштөр да бар. Бирок өзүнүн ички маңызы, мазмундук тереңдиги жагынан, жоокердик заманда төгөрөктүн төрт бурчунан келген «кара курттай кайнаган» калайык-калктын дал ортосунда болуп өткөндүгү жагынан, өзүнүн ички психологиялык чыңалгандыгы, катаал драматизми, атүгүл геосаясый мааниси боюнча уткан жеңишинин улуттук-стратегиялык маңызы жагынан Кошой менен Жолойдун күрөшүндөй күрөш жер үстүндө, адамзат коомунда дегеле болбогондур. Чынында эле Кошой менен Жолойдун күрөшү «кылым таймашы», «доордун турнири» деп айтарлык ааламда жок укмуштуу күрөш болгон. Бул күрөш – улуу сабак, урпактарга калтырылган рухий мурас, уңгулуу патриоттук таалим. Бул спорт гана эмес, улуттук ар-намыстын жана мекенчилдиктин өлбөс-өчпөс өрнөгү. Атажурттун асылзаада жоокеринин айкөл рухунун, жарандык каармандыгынын, алп күчүнүн жана эстен чыккыс эрдигинин эстелиги. Ак калпак калктын балбан күрөш тарыхындагы улуу мөрөй, спорт классикасы.


2. “Көкөтөйдүн ашында” күтүүсүз түзүлгөн кыйын кырдаал жана шер Манастын оор абалды оң жолго салышы 


Мына ошентип, кең Каркыранын түзүнө түрдүү жактардан келген түркүн эл кылкылдап толот. Көкөтөйдүн ашына тыягы Алтай менен Каңгайдан, быягы Крым менен Урумдан, тиги жагы Ооган, Ирандан, Индостандан, чыгышы Бээжин менен Кебез-Тоодон, батыш жагы Оролдон, бери жагы Үргөнч менен Букардан, Анжиян, Алайдан, Сары-Аркадан сансыз мейман келип түшөт. “Азия аймагынын кожоюнумун” деп сезген калмак-кытайлар империялык кекирейүүчүлүк менен кыргыз калкынын көз карандысыздыкка жетишип, эгемендүү журт болгонун моюнга албай турат. Кечээки күңкор калкты тырмагынын астынан чыгарып жибергенине, атүгүл Орто Азия аймагынан куулуп чыкканына (Манастын боштондук согуштарын, Алоокенин Анжияндан качышын эске түшүрөлү) тымызын өкүнүп, “сени элеби, кезегиң келээр бурутум” деп эриндерин кесе тиштеп, ичтеринде кек кайнап турган каңгайлыктар ашка кабар барганда «дүр-р» этип көтөрүлүп, кыргыз жерине согушка аттангандай аттанган. Мына ошентип, жети асаба туу менен, жер жарылган чуу менен, уй түгүндөй көп калмак-кытайды баштап Коңурбай, Жолой, Нескаралар «аштан Манас жолукса, аш үстүнөн басам деп, аш үстүнөн кармашып, адамдын канын чачам» деп, Каркыраны тебелеп-тепсеп кирип келишкен эле. Ашта Манастын жок экенин билип, өзүн огобетер ээн жердин бөрүсүндөй сезген Нескара Бокмурунга опурулуп кеп айтат, кеп айтканда деп айтат: «Аш үстүнөн казамын, түшүп кетер оруңду бурут, каардансам мен азыр, каптатамын колумду бурут! Көкөтөйдүн Мааникер, канаты бар мал экен, канга ылайык жан экен, Мааникерди бер бурут, дегениме көн бурут, айтканым азыр камдап кой бурут! Камдабас болсоң кебиңди айт бурут, алыша турган жериңди айт бурут!». Нескара хандын бул сөздөрү каңгай-бээжиндиктердин дале өздөрүн “буруттардын кожоюнумун” деп сезери, ашынган империялык амбициясы экени көрүнүп турат. Дал ушундай кыйын-кыстоо кырдаалда, кыргыздардын айласы куруп турган чакта ашка чакырылбай калган Манас шашылыш Таласка келген чабармандан жаман кабарды угуп, алеки саатта кырк чоросу менен аттанып, куштай учуп, желдей сызып, заматта Каркырага кирип келет. Эр Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак, кырк чоросу менен ач кыйкырыкты салып, ашты жарып кирип барып, кара жаак камчы менен Нескараны төбөгө тартып жиберип, кара таандай калмакты каардана качырып, кыргын салып жибере жаздайт. Манас эзелки жоонун эсирген үлкөндөрүнүн маңдайына ат ойнотуп тура калып, оозунан түтүн буркурап, көзүнөн жалын шыркырап, минтип турат:


Кайран жаным барында,

Кытайга тартар малым жок,

Мааникер берер чагым жок.

Ардактап ашка чакырдым,

Абийириң менен этиң же.

Алуучу калмак сен эмес,

Алдырчу кыргыз мен эмес,

Чабуучу кытай сен эмес,

Чаптырчу кыргыз мен эмес!


Манастын элинин, жеринин аброю, ар-намысы үчүн баардыгына даяр экендигин, өлүмдөн кайра тартпай турган түрүн көргөндөн кийин калмак-кытайдын Нескарасы: «Тоо жердеген бурутка тоодою Манас чеп экен» деп ичинен күбүрөнүп, «куйругун кыпчып», артка кетенчиктөөгө аргасыз болот. Мына ушундан кийин гана эки тарап теңдешип, кытай-кыргыз элдешип, каңгайлыктардын «чоңдугун салуусу» токтоп, тынчыган, турукташкан шартта керней-сурнай тартылып, аштын шаан-шөкөттөрү, оюн-зооктору башталат. 


(Уландысы кийинки санда)

Советбек Байгазиев

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн