Учтун айы 11, 2025
Убакыт: 12:06
USD
87.10
87.60
EUR
89.20
90.20
RUB
0.850
0.880

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевди кабыл алды

11.01.2025 09:23
32
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевди кабыл алды


Кечээ, 10-январда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди кабыл алганын министрликтен кабарлашты.


Маалыматта Токаев кыргыз-казак мамилесинин, стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшүнө токтолгону айтылат.


Кулубаев өз кезегинде казак тарапка Актаудагы авиакырсыкта кыргызстандыктарга көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазылыгын билдирген.


ТИМ башчысы коңшу өлкөгө расмий сапары менен бүгүн барды. Аны Казакстандын премьер-министринин орун басары — ТИМ башчысы Мурат Нуртлеу чакырган.


Сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, анда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгынын актуалдуу маселелери талкууланары айтылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн