1. Салижан Жигитов ким эле?
Салижан Жигитов чыгаан инсан болгон. Ал өзүнүн теориялык даярдыгы, эстетикалык, тарыхый-адабий кеңири камылгасы менен айырмаланган, аналитикалык ой жүгүртүүсү күчтүү, акылы өткүр, эркин ойлонгон, адабий илимдеги ар кандай догмаларга, изилдөөлөрдөгү бир жактуулукка, «боору менен сойлогон» эмпирикалуулукка каршы турган, абдан көп окуган, эрудициялуу, керек болсо энциклопедиялык билими бар жалындуу, таланттуу илимпоз эле.
Улуттук көркөм сөз өнөрүбүздүн таланттуу, оригиналдуу, кайталангыс өзүнчөлүгү бар өкүлдөрүнүн бири Касымалы Жантөшевдин чыгармачылыгы Салижан Жигитовдун сынчылык, адабиятчылык кызыкчылыктарынын ар дайым объектиси болуп келген. С.Жигитов кыргыз адабиятынын теориялык жана тарыхый-адабий проблемаларын иликтеп-изилдеген учурларында дайыма Касымалы Жантөшевдин чыгармачылык өзгөчөлүгүнө кайрылып турган. Кыргыз адабиятынын калыптануу процессине байланышкан айрым көркөм кубулуштарды К.Жантөшевдин чыгармаларына таянуу менен чечмелеген жагдайлары арбын. Салижан Жигитов аталган залкар сөз чеберинин көркөм туундуларын «Ырлар жана жылдар» (1973), «Жаңычылык жолунда (1975), «Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары» (1991) аттуу илимий жана сын китептеринде талдап, өзүнүн көз караштарын жана чечмелөөрүн тартуулаган.
2. Салижан Жигитов кандай концепцияга каршы чыккан?
Ал өткөн кылымдын 70-жылдарында «Көп канаттуу куш сыңары» аттуу полемикалуу, теориялык ойлорго бай макала жазган. Ошол макаласында жалпы эле советтик адабият илиминде сөз чеберлеринин жекече индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн ачууга жолтоо болуп жаткан бир илимий концепциянын ынанымсыздыгын мындайча мүнөздөгөн: «Ал концепция боюнча, жазма-чиймеси жаш деген адабияттардын бардык жанрлары үчүн фольклор негиз болуп, адегенде оң роль ойноду да, бара-бара ал ошол адабияттардын өнүгүшүнө тоскоол кыла баштады. Ошондой эле жаш адабияттардын мурдагы жана азыркы кемчиликтери да тикеден-тике фольклор менен байланыштуу. Маселен, кайсы бир адабий каармандын образы статистикалуу, бир маанилүү, схемалуу болсо, буга бүтүндөй фольклордук сүрөттөө принциптери себепкер имиш. Кокус кайсы бир китепте кургак баяндоо (описательность) бар болсо, буга да бечара фольклор айыпкер имиш. Айтор, эмне үчүндүр фольклор жаш жазма-чиймелүү адабияттардагы терс көрүнүштөрдүн келип чыгышын түшүндүргөн универсалдуу каражатка айланып кетти. Ушул концепцияны биздин айрым адабиятчыларыбыз толук бойдон кабыл алды көрүнөт. Ошон үчүн алар биздин адабияттын өнүгүш процессинде болуп өткөн жана азыр деле жолугуп жаткан идеялык-эстетикалык кемчиликтердин баарын фольклордун салттары же таасири менен түшүндүрүп жүрүшөт, ал кемчиликтер, балким, фольклордон башка факторлордон улам келип чыкпасын деп анча-мынча күмөн санап коюшса эмне. Адабияттагы бүт кемчиликтерди бүтүндөй фольклордон чыгарышат» (С.Жигитов, Жаңычылдык жолунда – Фрунзе, «Кыргызстан басмасы» 1975, 91-бет). Салижан Жигитов көнүмүшкө айланган адабий илимдеги ушундай концепциянын Касымалы Жантөшевдин чыгармачылык феноменин туура, объективдүү, реалдуу түшүндүрүүгө өзүнүн терс таасирин тийгизип жаткандыгын туюндуруп, кубулуштарды туура түшүндүрө турган методологияны кармануунун зарылдыгына басым койгон.
3. Салижан Жигитовдун жазуучу К.Жантөшевге күтүүсүз жаңы өңүттөн караганы же бир жактуу түшүндүрүлүп келген “Каныбек”
Маселен, буга чейин кыргыз сынында жана адабият таануусунда К.Жантөшевдин «Каныбек» романынын баяндоо стилин аныктаган башкы жана негизги фактор катары фольклордук салттар эсептелип келген. Романдын сюжетинин укмуштуулугу, детективдүүлүгү, жомоктук стили үчүн фольклор «күнөөлүү» болуп, башка себептердин бар экени ойго келбеген.
Салижан Жигитов К.Жантөшевдин чыгармачылыгындагы фольклордук салттын ролун танбай туруп, бирок «Каныбек» романы баш болгон жазуучунун чыгармаларынын окуялуулугун, детективдүүлүгүн биринчи жолу фольклордун алкагынан алып чыгып, жазуучунун личностунун бөтөнчөлүгү менен, башкача айтканда, жеке личносттук фактор менен байланыштырып карап отурат. Окумуштуу минтип жазат: «Кыргыз прозасынын өнүгүшүн жана андагы айрым орчундуу көрүнүштөрдүн келип чыгышын жазуучуларыбыздын жекече пенделик (личносттук) касиеттеринен жана ошол касиеттерден азыктанган художниктик бөтөнчөлүктөрүнөн такыр эле ажыратып алып кароого да акыбыз жок. К.Жантөшев кара сөзчү калемгер катары айырмалуу почеркке, өз алдынча стилге эгедер. Ал карапайым турмушта учурабай же сейрек учурай турган өзгөчө окуяларды, адамдык артыкчылыктары бадырайган каармандарды, оош-кыйышы арбын тагдырларды укмуштуудай, асмандатып баяндаганга аябай ынак болгон. Ал окурмандын көңүлүн азгырчу, бүйүрүн кызытчу, өзгөчө кызык окуялуу чыгармалар жазганга шыктуу жаралган» (Ошондо, 101-бет)
Андан ары С.Жигитов адабиятчыларды олуттуу ойлонто тургандай кылып, оюн мындайча улантат: «Бирок Каныбектей каармандарды жалгыз фольклордон гана кезиктирбейбиз го. Дүйнөлүк адабияттын кыйырына көз чаптырсак, Каныбектин образы шекилденген образдар бадырайып четтен эле баамга урунат. Алсак, ыраматылык Александр Дюманын граф Монте Кристосу, Жорж Сименондун капитан Мэнреси, өзүбүздүн Юлиан Семеновдун Исаев-Штирлици бардык «параметрлери» боюнча Каныбектен жарды эмес, чындап келсе Каныбек алардын жанында шоона эшпей калат. Деги милиция кызматкерлери, чалгынчылар, шпиондор ж.б. тууралуу чыгармалардагы каармандар демейде Каныбектен кем калышпаган баатыр, акылман, ар өнөргө маш, айлакер, жолдуу боло турганы жумурай журтка белгилүү го. «Каныбек» жөнүндө жазган айрым адабиятчылардын логикасын ээрчисек, анда ошондой чыгармалардын баарында фольклордун, асыресе кыргыз фольклорунун таасири бар деген тыянакка келебиз. Бирок андай деп айтканга эч кимдин оозу барбас. Аныгы ушул: дүйнөлүк адабияттагы Каныбектин жакын жана кыйыр «туугандарынын» пайда болушун фольклорго (айрыкча кыргыз фольклоруна) кайнаса каны кошулбаган башка факторлор менен шартталышы толук ыктымал. Жазма-чиймелүү ар бир элдин өнүккөн көркөм сөз өнөрүндө детектив, укмуштуудай адабият, илимий фантастика дегендей өз алдынча түрлөр (жанрлар) бар эмеспи. Анан адабият майданында кызмат кылгандардын арасында ошол жанрларына иштөөгө шыктуу да, ыктуу да кишилер болот. Балким, биздин Жантөшев да жазуучулук жөндөмү, чыгармачылык ыңгайы, адабий кунту, потенциялуу мүмкүнчүлүгү жагынан детективдик, укмуштуудай кызыктуу, фантастикалык багыттагы чыгармалар жаратуучуларга кандаш-жандаш жаралган чыгар» (Ошондо 137-138-беттер). С.Жигитовдун бул жазгандарына байланыштуу дүйнөлүк адабияттын практикасынан мына бул фактыны эске түшүрүүгө туура келет.
4. Александр Дюма менен Касымалы Жантөшевдин инсандык мүнөздөрүнүн жалпы окшоштугу же стиль – бул адам
Дүйнөлүк адабияттын укмуштуудай, детективдик романдардын устаты Александр Дюманын турмуштагы өзүнүн жеке инсандык өзгөчөлүктөрү жөнүндө тийешелүү адабий булактарда мындай деп жазылат: «От отца Александр унаследовал высокий рост, могучее телосложение, горячую кровь, а также великодушие, храбрость, честолюбие, богатое воображение, склонность к авантюре. В жизни Александра Дюма было не меньше приключений, чем в его романах. Андре Моруа, перу которого принадлежит замечательная книга «Три Дюма», так описал его в юности: «Он был подобен стихийной силе, потому что в нем бурлила африканская кровь… вдобавок он был наделён… талантом сказителя, присущим африканцам. И на седьмом десятке Александр Дюма был полон энергии, фонтанировал идеями и замыслами. «Я видела вашего отца в Одене, - писала Жорж Санд в 1865 году его сыну. – Боже мой, какой удивительный человек!» Письма сына к отцу изобилуют призывами вести более умеренный, соразмерный возрасту образ жизни – по поводу его волнующих приключений (Сто великих писателей – Москва, «Вечер», 2006, 224стр.). Демек, Александр Дюма өзү турмушта реалдуу жүрүм-туруму, биринчи иретте, укмуштуу окуяларга, авантюрага жакын, ой жүгүртүүсү детективдүү, жүрүм-туруму адаттан тыш, акыл-эси фантазияга бай, ойкуп-кайкыган, күтүүсүз кадамдарды жасоого шыктуу адам болгон. Чындыгында Александр Дюма ушундай тубаса түрдөгү адам болбосо, анда ал «Үч мушкетёр», «Париж сырлары», «Граф Монте Кристо», сыяктуу укмуш окуяларды, детективдик шедеврлерди жарата албайт эле. Дюманын чыгармаларынын өзгөчөлүгү анын инсандык өзгөчөлүгүнөн чыгып жатат.
Демек, адабиятта тигил же бул көркөм стиль жазуучунун инсандык индивидуалдуулугу менен тыгыз байланыштуу болот экен. Мындай мыйзам ченемдүүлүк Касымалы Жантөшевге да тийешелүү дегибиз келет. Мына ушундан улам Салижан Жигитов жанагыдай «балким, биздин Жантөшев да жазуучулук жөндөмү, чыгармачылык ыңгайы, адабий кунту, потенциялуу мүмкүнчүлүгү жагынан детективдик, укмуштуу окуялуу, фантастикалык багыттагы чыгармалар жаратуучуларга кандаш-жандаш жаралган чыгар» деп бекеринен жазган жок.
Эмесе, биз К.Жантөшевдин чыныгы турмушта кандай адам болгондугуна байкоо салып көрөлү. Мисалдарга кайрылалы. Касымалы Жантөшевдин инсандык өзгөчөлүктөрү жөнүндө аны менен 20-жылдары Бишкекте педтехникумда чогуу окуган Зияш Бектенов мындай деп жазат: «1926- же 1927-жылдардын биринде Касымалы жайкы дем алышта жүргөн кезинде, бир тойго барып, улак тартат да, аттан жыгылып бутунун кызыл ашыгын чыгарып алат. Атасы Жантөш сөөккө чебер киши экен, Касымалы дароо үйүнө келсе, атасы үйдө жок, бир жакка чыгып кеткен. Касымалы атасынын келишин күтпөстөн, чыккан бутунун башына чүпүрөк ороп, анын сыртынан көтөрмө менен байлап, көтөрмөнүн экинчи учун жоон казыкка бекитет да, чалкалап туруп эки колу менен жер таянып, бутун катуу булкуп тартат. Катуу булккандан кийин чыккан кызыл ашыгы кайра ордуна келет. Бир аздан кийин атасы Жантөш келет:
- Ой, Жолчу балам, бутуң эмне болду? - дейт.
- Улак тартып жүрүп, аттан жыгылып, кызыл ашыгым чыгып кетти эле. Сизге салдырып алайын деп үйгө келсем, жок экенсиз. Сиз келгенче, жилинчигим шишип кетеби деп өзүм салып алдым, - дейт.
Жантөш уулунун кызыл ашыгын сыйпалап көрсө, чын эле кызыл ашыгы чыгып, кайра ордуна кирген экен. Ошондо атасы Жантөш башын чайкап:
- Капырай, бул чечектин деги кылбаганы жок. Энесинин ичинде да тынч жаткан эмес. Төрөлгөндө да жайчылыкта, үйдө жүргөндө төрөлбөй, жолоочу кетип баратканда, жолдо төрөлүп, ошондуктан атын Жолчу койгон элек. Кичинесинде, беш-алты чүкөнү тешип, жипке тизип бешигине байлап койсоң, аларды колу менен тарткылап шалдыратчу. Эгер алып койсоң, бакыра ыйлап, жөн жатчу эмес. Ошонусуна караганда муну чоңойгондо комузчу болот го дечү элем. Катын алсаң отун ал болуп, үйлөнтүп койсом, өзүнчө түтүн булатып, оокат кылып кетет го деп ойлодум эле. Окуйм деп Ош жакка кетип, үч-төрт жылы жоголуп, зорго табылды. Түбүндө кандай киши болуп чыгарына көзүм жетпейт! - дептир атасы (З.Бектенов, Замандаштарым жөнүндө эскерүү, Бишкек, 1996,140-бет).
Ал эми Касымалы менен бир кыштакта төрөлүп, кичинесинен бирге чоңойгон Ташым Байжиев ал жөнүндө мындай маалыматтарды берет: «Касымалынын окууга кете электеги аты Жолчу болчу. Жолчу бала кезинде өтө шум, тентек, чүкө ойноо, ордо атуу дегенде жантыгынан жатчу, бирок өтө чыр эле. Апийимди тилип кыргындан алдына деле адам салчу эмес. Жалгыз өзү үч кишинин апийимин кырчу. Орок оруп, чалгы тартканда деле тең ойночу. Деги кандай гана кесип болбосун мунун билбегени жок. Жөө күлүк, балбан, улакчы, өтүк да ултарчу, уйду да, бээни да саачу» (Ошондо, 138-бет). Дагы бир мисал. «Касыкең өзү жөнүндө, өнүп-өскөн чөйрөсү жөнүндө, айылдаш адамдар, жазуучу-акындар жөнүндө укмуштай окуяларды көркөмдөп айтчу. Ал сүйлөгөндө канчасы жалган, канчасы чын экенин ажырата албай калчубуз. Сөзгө бай, кыялкеч, уккан адамды арбап алчу таасири бар эле, угуп отуруп жомок дүйнөсүнө киргендей болчубуз. Аны кара сөздүн акыны десек болот. Анткени айтканынын баары куюлушуп, жамактатып, чийелешип, оролушуп турчу. Түн бир оокумга дейре керемет окуяларды баяндап келип, оозубузду ачырып, таңкалтырып, дал кызык жерине жеткенде улутунуп, «эми уктагыла» же «үйүңөргө жөнөгүлө» деп токтотуп койчу. Биз ошол таттуу кыял менен сүт уйкуга көшүлүп кетчүбүз. Касыкең өзү да Алай–Өзгөн–Гүлчөдөгү башкесерлердин чеңгээлинен кантип аман калганын айтып калар эле.
Жошолу кыштагында мугалим болуп жүргөн кезинде ал кедей кемпир-чалдын тамында турат. “Басмачылар келатат” дегенде ыштыкчы кемпирдин кийимин кийип, башына жоолук салынып, шакар өчүрүүгө алабата оруп калат. Анын эркек экенин элес албаган басмачылар «бир кемпир куурай оруп жүрөт» дешип, Касыкеңди таппай, мектепти өрттөп кетишет» (Эл жазуучусу Эрнис Турсуновдун эскерүүсүнөн. Китепте: Э.Турсунов, Б.Жалгасынова, Триумф жана трагедия – Бишкек, «Бийиктик», 2011, 115-бет).
Демек, бул биографиялык фактылар К.Жантөшевдин кичинекей бала кезинен эле бөтөнчө жаралган, жогорудагы Александр Дюма сыяктуу жаратылышынан ой жүгүртүүсү жомоктогудай окуяларга, күтүүсүз парадокстарга ык тартып турган, фантазиясы көбүрүп-жабырган, жүрүм-туруму башкача, детективдүү окуяларды ойлоп тапканга маш инсан болгондугун тастыктап отурат. Мындай адам келечекте «Каныбектей» романды жаратпай койбойт эле. Адабияттын теориясындагы “Стиль – бул адам” деген сөз чындык. “Каныбек” – Касымалы Жантөшевдин автопортрети болгон. Бул романдын стили жалаң эле фольклорго барып такалбайт экен.
Бул келтирилген фактылар, дегеле, К.Жантөшевдин чыгармачылык стилин, дагы айталы, жалаң эле фольклордук салт менен түшүндүрүп, чекит коюп коюу туура эмес болорлугун байкатып жатат. С.Жигитов К.Жантөшевдин чыгармачылык бөтөнчөлүгүн анын личносттук касиетине байланыштыруу менен андан ары жазуучу жөнүндөгү оюн башка бир «Өрнөктүү чыгармачылык өмүр» деген эмгегинде төмөнкүчө улантат: «Эгер өз талантынын үндөгүн кыйшайбай ээрчисе, биздин Жантөшев да ошо А.Лесаж, А.Дюма-ата, Э.Сю, англис тилдүү Ф.Купер, М.Рид, Л.Стивенсон сыяктуу атактуу жазуучулар өңдүү прозаик болмок. Бирок ал дайым эле өзүнүн тубаса жазуучулук шыгы чакырган багыт менен айныбай кеткен жок. Сыягы, ал өмүр бою өз талантынын багытын, кудуретин өзгөчөлүгүн,асыресе кайсы жанрларда бардык көркү жадырап ачыларын ачык-айкын аңдап биле албай жүрдү көрүнөт. Чынында ал же детективдик жана окуялуу адабиятта, же адабий жомокто, же илимий фантастикада (албетте, ойдогудай илим-билим болгондо) иштесе, жакшы ийгиликтерге жетишип, эскирбес көркөм чыгармалар жаратышы мүмкүн эле» (С.Жигитов, Кечээкинин сабактары бүгүнкүнүн талаптары – Фрунзе, «Адабият», 1991, 102-бет).
5. Өзүнүн ташкындаган детективдик талантын ачпай кеткен К.Жантөшев же С.Жигитовдун өкүнүчү
Салижан Жигитов Касымалы Жантөшевдин окуялуу, детективдик адабият жаратуу жагына биротоло көчүп, ташкындаган талантынын бүткүл күч-кубатын ошол тармакта гүлдөтүп ачпаганына өкүнгөн. Сынчы К.Жантөшевдин өзүнүн талантынын табиятына анчалык ылайык келбеген чыгармачылык нукта (социалдык-турмуштук роман, социалдык-психологиялык повесть ж.б.) өмүр бою көбүрөөк эмгектенгендигин, бирок реалисттик планда чагылтыла турган социалдык-турмуштук проблемаларды жазуучу көнүмүш таланты боюнча дайыма детективдештирип сүрөттөөгө өтүп кетип, тышкы окуялуулукка азгырылып, каармандардын ички психологиясын ачууну көз жаздымында калтырып, көп учурда жазган роман, повесттери сырткы фабулалык кызыктуулуктун деңгээлинде кала бергендигин белгилеген. Сынчынын бул ойлору чындыкка туура келерин айткыбыз келет.
6. Салижан Жигитовдун Жантөшевтаануудагы жаңылыгы
Мына ошентип, Салижан Жигитов К.Жантөшевдин чыгармачылыгына тамга болуп басылган фольклордук поэтиканын издерин моюнга алса да, бирок сөз чеберинин чыгармачылыгына мүнөздүү детективдүүлүктү, окуялуулукту анын инсандык тубаса касиеттери менен байланыштырып карап, жазуучунун «феноменин» түшүндүрүүгө өзүнчө жаңылык киргизген десек жаңылышпас элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн