Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык иш сапарларынын натыйжалуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал президенттин администрациясынын "Ынтымак Ордодогу" коллегиясында билдирди.
Минкаб башчысы кызматтык иш сапарларды уюштуруу маселесин оптималдаштырууну, атап айтканда, максаттары жана милдеттери окшош болгон иш сапарларды бириктирүү менен алардын санын кыскартууну, ошондой эле алардын отчеттуулугунун ачыктыгын камсыздоону тапшырды.
"Мындай чаралар чыгымдарды азайтууга, министрлик менен министрдин ишинин жалпы натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле ашыкча бюджеттик чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет. Белгилүү болгондой, ийгиликтүү командировкалар бир катар факторлор менен мүнөздөлөт, алардын ичинде так аныкталган максаттар, компетенттүү пландаштыруу, квалификациялуу адистердин катышуусу. Командировкага кызматкерлерди тандоодо субъективдүүлүккө жана регламенттерди бузууга жол бербегиле. Буга байланыштуу командировкалардын натыйжалуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү, кызматташтыктын узак мөөнөттүү багыттарына басым жасоону, алынган билимди жана тажрыйбаны башкаруу процесстерине интеграциялоону жана реформаларды натыйжалуу киргизүүнү камсыздоону тапшырам", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн