Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:57
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Равшан Жеенбеков: Катастрофа келатат. Эмне кылышыбыз керек?

05.12.2020 14:26
1565
Равшан Жеенбеков: Катастрофа келатат. Эмне кылышыбыз керек?


Бириккен Улуттар Уюму кечээ, 2021-жыл гуманитардык кризис жылы болоорун эскертти.  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус вакцинасы кедей мамлекеттерге жетпесин айтты. Бир сөз менен катастрофа келатканын айтышууда. 


Бул эскертүү өзгөчө жакыр мамлекеттерге тиешелүү.


Эмне кылышыбыз керек?


1. Мамлекетти башкаруу эффективдүүлүгүн жогорулаталы. Профессионалдуу өкмөт, билимдүү жана жөндөмдүү адистер. Бийлик ачык болсун.


2. Коомдук, жарандык, медиалык көзөмөлдү бийлик, өкмөт, сот, укук коргоо органдарынын үстүнөн күчөтөлү.


3. Мамлекеттин чыгашаларын кескин азайталы. Өзгөчө президенттин жана өкмөттүн.


4. Батыш мамлекеттери менен мамилени оңдойлу, өнүктүрөлү. Кризис маалында, реформа жасоодо алардын каражат, технологиялык, тамак-аш жана дары-дармек жагынан колдоолору маанилүү. Европа жана АКШ менен эки тараптуу келишимдерди түзөлү.


5. Сот, укук коргоо органдарынын адилеттүүлүгүн бийлик дагы, коом дагы талап кылалы, көзөмөлдөйлү. Сот процесстери ачык жана атаандаштуу болсун. Алар башка көз караштагы жарандарды, сындаган журналисттерди жана оппозицияны куугунтуктоону токтотушу керек.


6. Бюджеттик чыгашаларга, айлык акы, пенсия берүүгө каражат издейли. Менимче, эмки жылы бизге 1 млрд доллардын тегерегинде колдоо зарыл болот.


Бул орусча айтканда ”программа выживания”, өнүгүү жөнүндө сөз кылбай эле койсок болот.


Равшан Жеенбеков, коомдук ишмер 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Абды
Менин пикирим муурн ойлоблунарбы бардык бужете акчаны жеп анан олдук дебей
Таа
Укпайт и тушунгусу келбейт бироолордун.Мен билем бизде.