Мамлекеттик каттоо кызматынын жумушчуларынын арасында COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар жок. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-майда брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Нарында Мамлекеттик каттоо кызматынын 6 кызматкери коронавирус жуктуруп алганын билдирген.
Ал эми бул маалымат Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмүнө тийиштүү экени айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн