Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 01:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Кавасаки синдрому тууралуу эмнелерди билүү керек? Дарыгердин эскертүүсү

07.09.2020 14:10
1158
Кавасаки синдрому тууралуу эмнелерди билүү керек? Дарыгердин эскертүүсү


Күзүндө коронавирустун экинчи толкуну жана Кавасаки синдрому болорун божомолдоп жатышат. Мындай учурда ата-энелер дүрбөлөңгө түшпөй, оорунун алдын алуу менен алектениши керек. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине гирудотерапевт-дарыгер Гүлсана Бапаева билдирди. 


Анын айтымында, оору башталганга чейин балдарга кам көрүп, иммунитеттерин көтөрүшү керек. 


"Иммунитетти көтөрүү үчүн кандай тамак-аштарды ичүү керектигин буга чейин айтып келгем. Эми тамактануудан тышкары, без тамырларга, курсакка массаж жасоо, спорт менен машыгуу, ичегилерди тазалоо керек. Бул процедураларды жасап бүткөндөн кийин организмге витаминдерди берсеңер болот", - дейт дарыгер. 


Ошондой эле, ал Кавасаки синдромунун белгилери тууралуу айтып берди. 


"Кавасаки синдрому вирустук оорулардан кийин келип чыккан оорулардын топтому болуп эсептелинет. Симптом менен синдромдун айырмасын билүү керек. Кавасаки синдрому бул симптомдордун топтому. Бул синдромдо балдардын дене табы көтөрүлөт, ичи өтөт, денеде кызыл тактар, кол жана бут бөлүгүндө шишик пайда болот. Бул 4-5  симптомдун биригиши Кавасаки синдрому болуп эсептелинет. Ал вирустук оорудан кийин келип чыккан оору болуп эсептелинет", - деди ал. 


Дарыгер оорунун алдын алуу үчүн эмне кылуу керектигин айтты. 


"Тамактын алдында балага кайнатылбаган суу берүү керек. Ал эми газдалган суусундуктардан баш тартуу зарыл. Балага сууга жана бууга бышырылган тамактарды берүүгө аракет кылуу керек. Ошондой эле, жер жемиштерден же койдун, уйдун, тооктун кайнатылган этин берүү пайдалуу", - дейт Г.Бапаева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн