Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 23:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Балдарда байкалган Кавасаки синдромунун белгилери кандай? Дарыгердин жообу

03.09.2020 10:10
1099
Балдарда байкалган Кавасаки синдромунун белгилери кандай? Дарыгердин жообу


Кавасаки синдрому — бул COVID-19 инфекциясынын күчөп кеткен бир түрү. Ал жугуштуу оорулар күчөп жаткан учурда козголот. Көбүнчө жаш балдарда байкалат. Бул тууралуу КТРКнын түз эфиринде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.


Анын айтымында, коронавирустун экинчи толкунунда жаш балдар Кавасаки синдрому менен ооруп калышы мүмкүн. 


"Кыргызстанда Кавасаки синдрому менен ооругандар каттала элек. Бирок, оору пайда болгондо кан тамырлар сезгенип, кан айлануу процесси бузулат. Анын кесепетинен тромб пайда болуп, денеге кызыл бүдүрлөр чыгат. Бул синдром инфаркт жана пневмонияга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан убагында дарылануу керек. Бизде даяр протокол бар, синдром аныкталса ошонун негизинде дарылайбыз", - деди Узакбаев.


Дарыгердин айтымында, ооруну алдын алуу үчүн өтө жөнөкөй эрежелер бар.


"Ата-энелер коронавирус менен ооруган балдарын жакшы караш керек. Дарыгердин бардык кеңешин угуп, аны менен тынымсыз байланышта болуу зарыл", - деди Узакбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн