Бугу 20, 2024
Убакыт: 08:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өлкөдө өткөн жылы кайра иштетүүчү ишканалар 30 млн сомго айыл чарба продукциясын өндүргөн

24.03.2020 10:06
888
Өлкөдө өткөн жылы кайра иштетүүчү ишканалар 30 млн сомго айыл чарба продукциясын өндүргөн


Өткөн жылы айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ишканалар 30 млн 525 миң 400 сом суммасын өндүргөн, физикалык көлөмүнүн индекси боюнча – 103,9 %. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


9 млн 439 миң сом суммасындагы тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясы экспорттолду, бул 2018-жылга салыштырмалуу 22,6 %га көбүрөөк.


Мындан тышкары 2019-жылы 91 чарбакер субъектке 76,9 га аянтына тамчылатып сугаруу орнотулган, 89 тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканасы түзүлдү, 1141 жаңы жумуш орундары пайда болду.


Айыл чарба техникасынын лизинг программасынын алкагында 341 даана техника 824,5 млн сомго берилген, ошондой эле айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү 1367 даана техниканы түздөн-түз сатып алышты.


Азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканалары үчүн кошумча нарк салыгы (КНС) 80% төмөндөтүлдү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн