Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 04:09
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кайра шайлоо: Биринчи Майда Сурабалдиева, Свердлов шайлоо округунда Муртазалиев алдыда

27.02.2022 23:18
504
Кайра шайлоо: Биринчи Майда Сурабалдиева, Свердлов шайлоо округунда Муртазалиев алдыда

Биринчи май округунан Сурабалдиева, Свердловдон Атазов. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты


Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты.


Жалпы 120 автоматтык түрдө эсептөө үкөгүнүн (АСУ) 87синен маалымат келип түштү. Ага ылайык, төмөнкү талапкерлер алдыда келе жатат:


Биринчи май округу боюнча:

Элвира Сурабалдиева — 42,75%;

Нурбек Тотонов — 17,14%;

Нурбек Токтакунов — 5,51%.


Свердлов округу боюнча:

Шайлообек Атазов — 17,25%;

Аскар Алмаз уулу — 9,02%;

Абдурахманхаджи Муртазалиев — 8,91%.


Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Бирок 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болуп, кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.


Бишкек шаарында 120 шайлоо тилкеси уюштурулду. Биринчи май районунда 60, Свердлов районунда 60 шайлоо участкасы түзүлдү.


Эки округ боюнча шайлоочулардын саны (контролдук) 219 миң 654 адамды түзөт.


Белгилей кетсек, кайра шайлоого БШК тарабынан 52 талапкер катталып, бирок Биринчи май округу боюнча эки талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн