Кечээ №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өттү.
Добуш берүү 15,85 пайызды түздү – шайлоо тилкелерине 20 миң 169 адам келди. Катталган шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239.
АСУнун алдын ала маалыматы боюнча, көпчүлүк добушту бизнесмен, экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков алды. Ага 26,14 пайыз добуш берген. Беш пайыздык тоскоолдуктан Алмаз Аскар уулу 13,04 пайыз, Жамалбек Ырсалиев 8,70 пайыз, Русланбек Тагаев 18,99 пайыз добуш менен өттү.
2,83 пайызы бардыгына каршы добуш беришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн