Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министринин кеңешчиси Бакай Кашкарбаев түз эфирде кайрадан аалымдар тууралуу айткан сөзүнө түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, ал Муфтияттын алдына митингге чыкканда ал Чубак ажы тууралуу айткан эмес.
"Достор мен айткан сөздөрүм тууралуу түшүндүрмө берип коёюн. Мен ал жерде Чубак ажы тууралуу айтка эмесмин. Ал жерде Абдышүкүр жана Максат ажы тууралуу гана сөз болгон. Мен аларды дагы сыйлайм, урматтайм.
Бирок Муфтияттагы мыйзамсыздыкты токтотуш керек. Мен ошону менен күрөшүп жатам, силер дагы келгиле чогуу күрөшөлү",- дейт Бакай Кашкарбаев.
Пикирлер (6)