Кулжа 15, 2025
Убакыт: 21:02
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Казак өкмөт башчысы Смаилов Кыргызстанга келди

25.08.2022 15:23
589
Казак өкмөт башчысы Смаилов Кыргызстанга келди

Казакстан Республикасынын премьер-министри Алихан Смаилов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.



Маалым болгондой, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.


Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмэакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн