Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:38
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Казакбаев КМШ Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышты

11.12.2020 11:12
527
Казакбаев КМШ Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышты

10-декабрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев видеоконференцбайланыш форматында КМШ катышуучу-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жыйында актуалдуу эл аралык жана регионалдык көйгөйлөр жана ар түрдүү багыттар боюнча Шериктештиктин алкагында, анын ичинде КМШ мейкиндигинде коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашуулар болду.


Делегация башчыларынын негизги көңүлү КМШ мамлекеттеринин башчылар кеңешинин алдыда боло турган жыйынынын күн тартибине бурулду. Атап айтканда, КМШ өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына карата, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы кызматташуу тууралуу КМШ мамлекеттеринин башчыларынын биргелешкен долбоорун жактырышты. Андан тышкары КМШны мындан ары ϴнүктүрүү концепциясынын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын, Аскердик кызматташуунун концепциясынын жана чек ара коопсуздугун бекемдөөдө Кызматташуу программасынын долбоорлору жактырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн