Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:57
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Казакстан сентябрдын аягына чейин буудай менен ундун экспортуна чектөө киргизди

08.07.2022 14:33
774
Казакстан сентябрдын аягына чейин буудай менен ундун экспортуна чектөө киргизди


Бүгүн, 8-июлдан тарта Казакстан республика аймагынан буудай жана меслин, кара буудай жана буудай унун экспорттоого чектөө киргизди. Бул тууралуу Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди.


Казакстан Республикасынын айыл чарба министринин милдетин аткаруучунун буйругу менен үчүнчү өлкөлөргө жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө 550 миң тонна буудай жана меслин жана 370 миң тонна буудай жана кара буудай унун экспорттоого болот.


Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында чектөөлөр киргизилгени жана алар 2022-жылдын 30-сентябрына чейин созулары белгиленген. Буйрук күчүнө кирген күнгө чейин Казакстандын жана ЕАЭБдин бажы мыйзамдарына ылайык экспорттун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган жана чыгарылган товарларга таасири тийбейт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн