Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:55
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Казакстанда 147 дарыгер коронавирусту жуктуруп алган оорукананын башкы дарыгери кызматтан алынды

15.04.2020 11:08
952
Казакстанда 147 дарыгер коронавирусту жуктуруп алган оорукананын башкы дарыгери кызматтан алынды


Алмата шаарынын Борбордук клиникалык бейтапканасынын башкы дарыгери Алмаз Жувашев, 147 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алганына байланыштуу кызматынан алынды. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, башкы дарыгер Алмаз Жувашев 14-апрелде иштен алынган, ал өз каалоосу менен кеткени айтылат. Ал эми Казакстанда коронавирус илдетин жуктургандардын жалпы саны 1267 адамга жетип, 14 адам каза болгон.

 

Эске салсак, буга чейин Казакстанда кызматкерлери вирус жуктуруп алган 12 оорукана жабылганы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн