Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:19
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Казакстанда 7 жылга президент болуп шайланган Токаев ант берди

26.11.2022 12:07
938
Казакстанда 7 жылга президент болуп шайланган Токаев ант берди

Казакстандын кайрадан шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев салтанаттуу түрдө кызматына киришти. Бул тууралуу "Казинформ" эл аралык маалымат агенттиги билдирди.


Маалыматка ылайык, инаугурация аземи Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында өтүүдө.


Ошентип, Казакстан Республикасынын Конституциясынын 42-беренесине ылайык, жаңы шайланган мамлекет башчысы ант берди.


Казакстандын шайланган президентинин инаугурациясынын урматына ант бергенден кийин мамлекеттик гимн аткарылып, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын президентинин күбөлүгүн тапшырды.


Эскерте кетсек, 2022-жылы 20-ноябрда Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгында Токаевге 6 млн 456 миң 393 шайлоочу (81,31%) добуш берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн