Казакстандын Улуттук банкы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган 20 миң теңге номиналындагы юбилейлик банкнотту жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу казак басылмалары билдирди.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, юбилейлик банкноттун дизайны уникалдуу технология боюнча жасалган дүйнөдө биринчи жолу банкноттун бүт вертикалын бойлото жайгашкан жана номиналдын голографиялык сүрөттөрүн камтыган деметализацияланган тилке колдонулган.
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын логотиби жана Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн.
Юбилейлик банкнотто 27 коргоо элементи бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн