7-февралда Казакстандын төрагалыгы астында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин катышуусунда Түрк маданияты жана мурасы фондунун кеңешинин экинчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйындын негизги темасы “Түрк дүйнөсү визиону – 2040”, TURKTIME жана башка стратегиялык документтерде чагылдырылган түрк маданий мурастарын эл аралык деңгээлде коргоо, изилдөө жана жайылтуу боюнча стратегиялык кадамдарды талкуулоо болуп саналат. Ошондой эле 2025-2026-жылдарга карата иш пландары каралат.
“Кеңештин экинчи жыйынына Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова, Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Азербайжандан Адил Каримли, Кыргыздын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкаликова жана башка уюмга мүчө мамлекеттердин маданият башчылары катышары күтүлүүдө” – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Казакстандын Астана шаарында өтө турган жыйын бир катар маданий иш-чаралар менен коштолот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн