Бүгүн, түнкү саат 0:00дө Казакстандын жалпы аймагында өзгөчө абал режими аяктады. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлады.
Маалыматка ылайык, президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин узартуудан баш тарткан. Мындан улам, бардык өзгөчө абал киргизилген аймактар кадимки шартта мурдагы абалына кайтат.
Өзгөчө абал режими аяктаганына карабастан Алматы облусу жана шаарында террордук коркунуч боюнча "кызыл аймак" катары бааланууда.
Эскерте кетсек, Казакстандагы башаламандыкка байланыштуу Токаев 5-январдан тарта өлкөнүн бардык аймагына өзгөчө абал киргизген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн