Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:14
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Казакстанда кыргызстандык жүк ташуучу унаалар жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болду

Казакстанда кыргызстандык жүк ташуучу унаалар жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болду


Казакстандын Караганда – Балхаш трассасында кыргыз номуру тагылган эки жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Кырсык 1-февралда болгон.

ТИМдин билдирүүсүнө таянсак, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жергиликтүү бийлик менен болгон окуянын чоо-жайын тактап жатат.

"Казакстандын компетенттүү органдарынын нөөмөт кызматкерлеринин алдын ала маалыматы боюнча, каза болгон жана оор абалда ооруканага жаткырылган бирөө бар. Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо жана зарыл болгон учурда жабыркаган Кыргызстандын жарандарына зарыл жардам көрсөтүү иштерин улантат", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн