Казакстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 1179 адамга жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Казакстанда 14-апрелде жаңы 88 учур катталган.
Эске салсак, буга чейин Казакстанда инфекцияны жуктуруп алган дарыгерлердин жалпы саны 211ге жетип, 12 оорукана толугу менен жабылып, бейтаптарды кабыл албай жатканы айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн