20-ноябрда Казакстанда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 82,02% добушун топтоду. Бул тууралуу казак маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Ачык коом" институту өткөргөн экзит-поллдун жыйынтыгы боюнча, экинчи сапка 5,2% менен "Баарына каршы" графасы чыккан.
Калган талапкерлер төмөнкүдөй добушка ээ болушкан:
▪️Жигули Дайрабаев 3,33%
▪️Каракет Абден 2,54%
▪️Мейрам Кажыкен 2,23%
▪️Нурлан Ауесбаев 2,17%
▪️Салтанат Турсынбекова 2,08%
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн