Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакстанда "Азаттыктын" башчысы кармалды. Айрым сайттар иштебей калды

04.01.2022 18:45
713
Казакстанда "Азаттыктын" башчысы кармалды. Айрым сайттар иштебей калды



"Азаттыктын" Алматы бюросунунун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Касым Аманжол бошотулду. Бул тууралуу Орда.кз басылмасы билдирди



Ал 4-январда Алматыдагы "Жетису" базарынын маңдайындагы нааразылык акциясын тартып жүргөндө кармалган. Журналисттик күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабастан, полиция кызматкерлери анын камерасын тартып алып, автоунаасына салып кетишкени кабарланган. Эки сааттай убакыттан кийин Аманжолдон кечирим сурап, бошотушкан.


Журналист өзү жеткирилген Алматынын Медеу райондук полиция башкармалыгында "Жаңы-Өзөндөгү элдин талабын колдоп, нааразылыкка чыгууну көздөгөнү үчүн" кармалган 30чакты кишини көргөнүн билдирген. Полиция аларды суракка алып жатканына күбө болгон.


Мындан сырткары, КазТАГ сыяктуу сайттардын иши үзгүлтүккө учураса жатканы кабарланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн