Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдө коопсуздук тартиптерин күчөтүү тууралуу тиешелүү органдарга тапшырма берди. Бул тууралуу орус басылмалары кабарлады.
Маалыматка ылайык, президент Бердымухамедов өзүнүн тапшырмасында интернет тармактарын катуу көзөмөлгө алууну, коомдук коопсуздукту тыкыр көзөмөлдөөнү жана массалык башаламандыктарга жол бербөө үчүн ыкчам иш алып барууну тапшырган.
Басылманын маалыматына таянсак, Бердымухамедов Казакстандагы окуядан кийин ушундай кадам барып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн