Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 05:52
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Казакстандан Кыргызстанга 50 баш бодо малды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

09.01.2024 12:47
269
Казакстандан Кыргызстанга 50 баш бодо малды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду


Казакстандан Кыргызстанга 50 баш бодо малды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө коңшу мамлекеттен Кыргызстандын аймагына бодо малды мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды.

2024-жылдын 5-январында Талас районундагы Көпүрө-Базар чек ара айылынын "Чон-Кыя" аймагында УКМК жана Чек ара кызматынын кызматкерлери Т.Р.Э. аттуу Кыргызстандын жаранынын контрабандалык жол менен 50 баш ири мүйүздүү малды Казакстандан Кыргызстанга алып өтүү ишин токтотушту.

Учурда бул факты боюнча жагдайларды жана адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн