Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 10:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1,6 тонна кой эти аныкталды

29.07.2024 10:00
276
Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1,6 тонна кой эти аныкталды


Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1,6 тонна кой эти аныкталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мыйзамсыз жүктү Ветеринардык кызматтын "Кең-Булуң" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан кармашкан.

Жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, ошондой эле тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жок экендиги белгилүү болду.

Инспекторлор тиешелүү артка кайтаруу актысын түзгөн соң жүк "Кең-Булуң" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга артка кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн