Теке 05, 2024
Убакыт: 03:18
USD
85.80
86.70
EUR
92.40
93.40
RUB
0.955
1.000

Казакстандын Түркестан облусундагы бала бакчада балдар жапырт ууланды

27.06.2024 10:11
706
Казакстандын Түркестан облусундагы бала бакчада балдар жапырт ууланды


Казакстандын Туркестан облусундагы менчик бала бакчада балдар тамак-ашка жапырт ууланды. Бул тууралуу Кhabar.kz кабарлады.

Расмий маалыматтар боюнча, эки жана үч жаштагы 34 бөбөк ууланган. Алардын көбү биринчи медициналык жардам алган соң, үйүнө кеткен. Ал эми ооруканада үч бөбөк калды. Дарыгерлер бейтаптардын абалын туруктуу деп билдиришүүдө.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, бала бакчада балдарга эртең менен ботко, түштө шорпо берилген. Тамактангандан кийин бөбөктөрдүн абалы начарлап, кусуп, алсырап, баштары айлана баштаганда тез жардам чакырылган. Учурда санитардык дарыгерлер мектепке чейинки мекемедеги жапырт уулануунун себебин аныктоо үчүн лаборатордук изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн