Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Казакстандын шаарларына электр энергиясы бериле баштады

25.01.2022 15:12
1062
Казакстандын шаарларына электр энергиясы бериле баштады


Алматы шаарына толугу менен электр энергиясы берилип, Казакстандын башка аймактарында дагы кезек-кезеги менен жарык күйгүзүлө баштады. Бул тууралуу KEGOC компаниясына шилтеме берип Sputnik Казакстан жазды.

"Жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:39да "Түдүк-Чыгыш-Түштүк Казакстан" транзиттик линиясына электр энергиясы берилди. Алматы энергетикалык түйүнү толугу менен иштей баштады", — деп айтылат кабарда.

Бишкектин дагы айрым райондоруна электр жарыгы бериле баштады. Бул тууралуу шаар тургундары "Бишкек сегодня" Telegram каналына жазышууда.

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дөн кийин Кыргызстандын айрым аймактарында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчкөнү айтылган.

Ушул тапта үч өлкөнүн тең энергетиктери жарык берүүнү акырындык менен калыбына келтирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн