Кемпир-Абадды коргоо комитетинин дагы бир мүчөсү Мамбетжунус Абылов кармалды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.
Эске салсак, 23-октябрда Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн