Бугу 10, 2024
Убакыт: 21:59
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кең пейилдүүлүккө колдоо керек. "Биримдиктин" расмий билдирүүсү

28.04.2020 14:54
1089
Кең пейилдүүлүккө колдоо керек. "Биримдиктин" расмий билдирүүсү


Фейсбуктагы анонимдүү баракчалардын биринде “Биримдик” саясий партиясынын ар-намысына жана кадыр баркына шек келтирип, жаманатты кылган маалыматтар пайда болду. Буга байланыштуу партия расмий билдирүү таратты.


“Биримдик” партиясынын демилгелүү тобу карантиндин биринчи күнүнөн тартып өлкө боюнча жардамга муктаж болгон жарандарга активдүү жардам берип келет жана бул иштерди улантууда.


Биз трибуналарга чыгып билдирүү жасаган жокпуз жана ЖМКларга отчет берген эмеспиз. Биз жасап жаткан иштер Фейсбуктагы расмий баракчабыз аркылуу партиянын мүчөлөрү жана тарапташтары аракеттерибизди көрүп, билип турушу үчүн жарыяланып жатат. Муну менен катар биздин партиялаштардын ишин башка элдер бир канча жолу өзүнө жазып жатканына карабай биз эч кандай билдирүү кылган жокпуз. Картошканын партиясы Каракол аймактык штабы аркылуу Бишкекке коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүгө багыттагандыгы боюнча маалымат чыкканда дагы анчалык маанилүү эместигин эске алып анда дагы унчуккан эмеспиз. Башкысы элдер жардам алса болгону дегенбиз.


Бирок бизди жөн жерден күнөөлөп жаткандары үчүн расмий билдирүү жасоого туура келди. Муну менен биз биринчи кезекте партиянын жигердүү мүчөлөрүн, элге чын жүрөгүнөн жардам берип жаткан тарапташтарын коргошубуз керек.


“Биримдиктин” мүчөсү Талантбек Иманов партиялаштары менен бирге өзүнүн каражатына 100 тонна картошканы ысык-көлдүк фермерлерден сатып алды. Муну менен Бишкектеги тургундарга эле жардам бербестен, продукциясын сата албай жаткан айылдык тургундарга да көмөк болду.


Мындан тышкары “Биримдик” партиясынын активисттери Бишкек шаарында өзүнүн каражатына портерлерди жалдап, Рамазан айынын алдында муктаж болгондорго картошканы өз даректерине ыкчам жеткирүү иштерин жасашты.


Партия өзүнүн жасап жаткан иштерине мактоолорду талап кылбайт, ошол эле маалда өзүбүздүн кең пейил иштерибизден уялбайбыз. Кең пейилдүүлүккө жардам жана колдоо керек. Биз барыбыз бири-бирибизге жардам беришибиз керек, анткени биз – бир үй-бүлө-өлкөбүз, биримдик – биздин колдо!  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн