Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

“Керемет банктын” активдерин чыгарып кетүү фактысы боюнча кылмыш иши токтотулду

26.03.2022 08:56
397
“Керемет банктын” активдерин чыгарып кетүү фактысы боюнча кылмыш иши токтотулду

“Керемет банктын” активдерин чыгарып кетүү фактысы боюнча кылмыш иши токтотулду, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, УКМК өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган системалуу иштерди, анын ичинде мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдеринде мыйзамсыз иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча туруктуу негизде иш алып барууда.


Мурда маалымдалгандай, алдамчылык фактысы боюнча катталган кылмыш ишин тергөө учурунда 97,45% акциясы мамлекетке таандык болгон «Керемет Банк» ААКнын активдерин өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу менен ири кредиттерди берүү аркылуу мыйзамсыз жагдайлары аныкталган.


Тергөөнүн жүрүшүндө аталган банктын жооптуу кызматкерлери тарабынан "Риола" ЖЧКсына 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө кредиттин берилишине макулдук берилип, аны колдоо максатында банкка баасы жогорулатып коюлган мүлк берилгени аныкталган.


Тергөөнүн жүрүшүндө бул келишимде “Карвен Групп” холдингинин ээси Г.Балян күрөөнү мыйзамдуу сатуучу катары чыгып, “Керемет банк” ААКнын мурдагы жетекчилигинин демилгеси менен иш алып барганы аныкталган.


Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, бул келишимде “Карвен Групп” холдингинин негиздөөчүсү Г. Балян үчүнчү жак статусуна ээ болгонуна карабастан, "Керемет банк" ААКсы жана көйгөйлүү болгон карыз алуучу "Риола" ЖЧКсы менен жарандык-укуктук келишим түзүү жолу менен мурда ага таандык болгон, Банкта күрөөдө турган кыймылсыз мүлктү сатып алып, ошону менен "Риола" ЖЧКсынын жалпы суммасы 148 млн сом болгон карызын толугу менен төлөп берген.


Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш иши токтотулду.


УКМК мамлекеттик башкаруу системасындагы, ошондой эле мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык түзүмдөрдөгү мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча максаттуу иштерди улантат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн