Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кейиштүү 90-жылдарга карай. Кыргызстандагы легалдуу эмес насыя берүү ишинин гүлдөшүнүн себеби эмнеде?

01.06.2022 21:52
9244
Кейиштүү 90-жылдарга карай.  Кыргызстандагы легалдуу эмес насыя берүү ишинин гүлдөшүнүн себеби эмнеде?


Кыска мөөнөт ичинде кичи насыя берүү кызматы Кыргызстанда 2019-жылы пайда болгон. Шарттарынын жөнөкөйлүгү жана ыкчамдыгы менен  алар бат эле эл арасына кеңири тараган. Он миңдеген адамдар «айлыкка чейин» деп  аз-маз акча алышып, аны менен жашоосун убактылуу эптеп турушкан. Анткени менен 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизип, кичи насыя бергендердин ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Бирок, буга карата ачык-айкын түшүндүрүү иштери жасалбагандыктан, ал рынок андан ары көмүскө түрдө ишмердүүлүгүн уланткан.

 

Мыйзамга киргизилген чуулгандуу өзгөртүүлөрдүн кимге кереги бар?  Жана ошондой эле кайрадан бизди кейиштүү 90-жылдарга алып барган Кыргызстандагы бул абалды өзгөртүүгө болобу деген суроолордун жообун төмөндөгү материалдан карап көрөбүз.

 

Бардыгы эл үчүн

 

Кичи насыялар атайын терминал аркылуу берилчү. Буйрутманы каттоого алуу үчүн паспорт гана керектелет. Заманбап программалык камсыздоо тез арада маалыматтарды текшерип чыккандан кийин, адам бир нече мүнөттөн соң каалаган сумманы ала алган.

 

Насыянын суммасы 30 миң сомдон ашкан эмес жана ал каражатты 10-20 күндүн ичинде кайтарып берүү талабы бар эле. Андан сырткары эрте менен 500 сом алып, аны кечинде эле кайтарып берип коюу мүмкүнчүлүгү да бар болчу.  Бир дагы банк мындай шарттар менен иш алып барбайт. Ошондой эле банктардын анык бир иштөө графиги болгондуктан, адатта түнү алар жабык. Ал эми терминалдар болсо качан болбосун кызматта.

 

Ар бирибиздин эле анализ тапшырууга, телефон оңдотууга, жаңы бут кийим алууга же балдар майрамына деген тез арада акча каражатына муктаж болуп калган учурларыбыз болот… «Катаал күндөргө» деп сактап койгон акчабыздын да болгону жакшы. Ал эми ал дагы жок болсочу? Жогоруда аталган кызмат менен маселелер оңоюраак чечилип тургандыктан, ага болгон талап күчөгөн.

 

Жаңылыштыкпы же кара ниеттикпи?

 

Кыргызстанда биринчи жолу кичи насыя берүү системасы пайда болгондо, аны жөнгө салган эч ким жок болгондуктан, бул кызматты колдонуу кооптуу деген пикирлер айтылган. Ал эми иш жүзүндө болсо, бул кызматты көрсөткөн компаниялар КРнын Жарандык кодексинин 34-бөлүгүнө ылайык иш алып барышкан. Алар жаңы технологияларды жана чет элдик кесиптештеринин алдыңкы тажрыйбаларын колдонушкан.

 

Убакыттын өтүшү менен чочулоолор басаңдап, жада калса чектен тыш скептик адамдар да бул компаниялардын ишмердүүлүгүнө ишеним артып, ошондой эле бул кызматтардын жөнөкөй эл үчүн ыңгайлуу экендигине ынанган. Мындай компаниялар көп болсо жана мамлекет алардын мыйзамдуу жана атаандаштыкка ылайыктуу иштешине  шарттарды түзүп берсе жакшы болмок. Жакшысы, алар үчүн эң эле ыңгайлуу шарттарды түзүп бергени дурус болмок. Кыргызстан үчүн иштеп берейин дегендер аз болгондуктан, ар бир инвесторду баалап алганыбыз оң. Бирок, адаттагыдай эле бизде баары тескерисинче болду.

 

2021-жылы кичи насыя берүү системасын  ЖК депутаттары активдүү түрдө талкууга алып башташкан. Алгач аларды лицензиясыз иштеп жатышат деп чыгышкан. Ал эми Жарандык кодекс боюнча алардын ишине лицензия талап кылынган эмес. Буга көзү жеткен эл өкүлдөрү кодекске өзгөртүүлөрдү киргизип, аталган компаниялардын ишине бөгөт койгон. Алтынчы чакырылыштын мөөнөтүнүн аякташынан жетишпей калабыз деп чочулагандай эле бул ишти тез арада ишке ашырышкан.

 

Компаниялардын ишине тыюу салынышына карата эксперттердин ою да эки жактуу болгон. Айрымдары жаңылыштык болду дешсе, айрымдары банк ишиндеги жана каржылоосундагы ислам принциптерине карата укуктук эрежелерди ишке ашыруу үчүн өзгөртүүлөр киргизилип жатканда, кимдир бирөө эптүүлүк менен жогоруда аталган ишке байланыштуу документтин жобосун өзгөртүп жиберген болушу мүмкүн дешкен. Эксперттердин көпчүлүгү бул чуулгандуу өзгөртүүлөр депутаттар менен ломбард ээлеринин сүйлөшүлгөн тымызын иши деп эсептешет. Жана ошондой эле практика көрсөткөндөй, бул жерде экинчи вариант чындыкка жакын.

 

Айла куруганда

 

Биз кыйчалыш учурда көбүнчө кимдерден акча сурайбыз? Туугандардан, тааныштардан же кесиптештерден. Бирок, анткени менен ар дайым эле алардан сурай бергенибизден майнап чыкпашы мүмкүн. Азыр каатчылык убагы болгондуктан, көбүндө каржы маселеси бар.

 

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли 25,3 пайызды түзөт. Башкача айтканда ар бир төртүнчү үй-бүлө жакыр. Алардын көбү потенциалдуу түрдөгү насыя алуучулар. Ал эми алардын тез арада акча ала ала турган жайы ломбарддар болуп эсептелинет. Эл ал жерге смартфон, ноутбук же башка дагы турмуш-тиричилик техникаларын алып барып өткөрүшөт…

 

Ломбард - бул өтө кирешелүү ишкерлик. Керек болсо жап-жаңы буюмдарды дагы алар өз баасына жараша эсептебейт. Анткени менен кийин жогорку баада сата алышат. Ошондуктан, алардан оолак жүрөйүн дегендер да бар. Же болбосо алар буга чейин эле баалуу буюмдарын өткөрүп салгандыктан, өткөрө турчу нерсеси калган эмес.

 

Эл аялуу болуп турган чакта шылуундар да күч алат. Иштелип чыккан схемалардын арты менен алар ишенчээк адамдардын акыркы акчасын алып коюуга да даяр. Кичи насыя иши мыйзамсыз болуп калары менен, бул ишти жеке тартип аркылуу берүүгө даяр адамдардын саны да арбыды. Ошондой эле эң популярдуу деген жарнама аянттары менен социалдык тармактар «5 мүнөттүк насыя», «Күрөөсүз жана кепилдик берүүчүсүз насыя» деген сыяктуу жарыяларга толо.

 

Ошол эле соцтармактарда кыргызстандыктар өз жашоосунан алынган мисалдарды келтирип, чоочун адамдардан карыз акча албоого үндөшөт.  «Таанышым 3 миң сом издеп калды. Жарыя боюнча акча сурап чалса, дароо сураган сумманы которуп беришти. Убадага ылайык карыз акчаны таанышым эки жумадан кийин кайтарып берди. Бирок, андан кийин бир күнү анын атына бирөө банктан насыя алганын билди.  Таанышымдын паспортундагы маалыматтар кандайдыр бир жолдор менен шылуундардын колуна түшүп калган экен. Ошентип, жок жерден маселеге жаралып, азыркы учурда өз чындыгын далилдеп чыгышы өтө кыйын болуп турат» - деп айтып берди бир колдонуучу.

 

«Бир күнү мага дары алуу үчүн акча керек болуп калды. СМС жазсам эле керектүү сумманы менин мобилдик капчыгыма которуп коюшту. Ордуна паспорттун сүрөтүн гана алышты. Убада боюнча бир жумадан кийин берилген акчаны кайтарышым керек эле. Бирок, 5 күндөн кийин эле төмөндөгүдөй коркутуулар келди: төлөбөсөм ден соолугума залал келет эле. «Кайда жашаарыңды билебиз, конокторду күтө бер дешти». Мындайга мен 20 жылдан бери тушуга элек болчумун», - деди дагы бир колдонуучу.   

 

Кепилдиги жок, тобокелчилик

 

Бул иш чындап эле социалдык тармактардагы билдирүүлөрдөй экендигин өз көбүбүз менен байкап көрүүнү чечтик. Ондогон жарнаманы карап чыктык. Көпчүлүк телефондор бош эмес болгонуна караганда, бул кызмат өтө популярдуу болсо керек.

 

Бир номерге чалсак үнү назик бийкеч алып, жаттап алган текстти кайталады. «банктык картаңызга бир сомдон 20 миң сомго чейинки сумманы дароо которуп коё алабыз. Кааласаңыз колуңузга алып келип беребиз. Ордуна паспортуңуздагы маалыматтарды жөнөтөсүз. Акчаны 10 күндөн кийин кайтарып бересиз» дегенде биз компаниянын атын сурадык. «Жакында эле ачылганыбызга байланыштуу атын коё элекпиз» - деп жооп берди кыз.

 

Экинчи номер эч кандай маалымат бербестен, алардын шарты эң эле жакшысы экендигине бизди ынандырып жатты. «Эгер Бишкекте болсоңуз, биз сиз турган жерге баралы, насыя берүүнүн шарттарын жолукканда айтып берели», - деди ал киши.

 

Заманбап технологиялардын жардамы менен башка адамдардын телефонунда адамдын аты кандай сакталгандыгын билип алууга болот. Ал үчүн  мобилдик тиркемени жүктөө жетиштүү. Биз ага кичи насыя беребиз деген жарнамалардагы номерлерди жазганыбызда алардын көбү «карызга акча», «лохотрон», «алдамчылар» деген жазуулар болуп чыкты.

 

Аны менен бирге эле тааныш эмес адамдар бири-биринен кыйын учурда акча алып, кайра кайтарып берген учурлар да жок эмес. Мындай практика киреше-чыгашасы туруктуу эмес жана кичи насыясыз иши жүрбөгөн соода-сатык жана жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында көп колдонулат (мисалы, товар сатып алуу, маршруттук таксини тез арада оңдотуу). Бирок, муну эмне болгон күндө да эч ким көзөмөлдөбөйт. Карыз алуучулар коргоого алынбайт жана алардын бул аянычтуу абалынан шылуундар колдонуп кетпейт деген кепилдикти ким бере алат? Бул ишке мамлекеттин кийлигишүүсү зарыл.

 

Ал эми башкаларда кандай?

 

Кичи насыя берүү системасын тыюу менен Кыргызстан бир кадам артты көздөй кетти десе болот. Муну түшүнүү үчүн дүйнөлүк тажрыйбаны карап чыгуу жетиштүү. Бул система бүгүнкү күндө Евробиримдикте, Жапонияда, Кореядая АКШда жана башка көптөгөн өнүккөн мамлекеттерде мыйзамдуу болуп саналат. Насыя берүү шарттары мыйзамдын деңгээлинде регламенттелген жана  мамлекеттик реестр бар. Баары так жана түшүнүктүү. Бул шарттар мамлекетке дагы (салык төлөнөт), компанияларга дагы (цивилизациялуу ишкерликти өнүктүрүшөт), насыя алуучуларга дагы пайдалуу жана ыңгайлуу.

 

Мисал үчүн, АКШда кичи насыя алуу максатында бир күндө 12 миңден ашуун адам кайрылат. Бул тармакты жөнгө салуу эрежелери боюнча жогоруда аталган сан штаттарга карата айырмаланат. Кээ бир жерлерде аз же таптакыр жок. Кичи насыялар штаттын экономикасына таасирин тийгизе албаганы менен курч кырдаалдарда адамдарга чоң жардамын тийгизет. Жогорудагы мисал АКШнын социалдык жактан багыты бар өлкө экендигин айгинелейт.  

 

Орусияда болсо кичи насыя берүү системасы көпкө чейин жөнгө салынбай келген. Мунун айынан карыз алуучулар менен компаниялардын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып турчу. Акыр аягында мыйзам иштелип чыгып, бул иш менен жөнгө салуучу алектенип калган. Коюлган сумманын максималдуу пайыздары жана төлөмдөрдүн суммасына чектөөлөр киргизилген. Төлөтүп алуу тартибин жана коллекторлордун ишин жөнгө салуучу чаралар иштелип чыккан. Ал эми 2018-жылы болсо мүлктүк талаштарды жөнгө салуу үчүн МКУ менен Каржылык омбудсмен кызматы түзүлгөн.

 

Акыркы жылдары Орусия, АКШ жана башка өлкөлөрдөгү кичи насыяны каттоо иштери интернет айдыңында активдүү түрдө жүргүзүлүүдө. Карыз акчаны  белгилүү бир сайтка же тиркемеге кирип алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бардыгы колдонуучунун максималдуу ыңгайы үчүн жасалган. Эң негизгиси бул кызматты колдонуу ар кимдин өз укугунан көз каранды.

 

Каталардын үстүнөн иштөө

 

Эксперттердин божомолу боюнча, жакынкы арада Кыргызстанда эгемендүүлүктү алгандан кийинки өтө катуу каатчылык болору айтылууда. Биздин экономика буга чейин деле артта болчу. 2020-жылы пандемия кесепетин тийгизип кетсе, азыркы тапта экономикалык негизги өнөктөшүбүз болгон Орусияга салынган батыштын санкцияларынан улам кыйынчылыктарга дуушар болуп жатабыз. Тамак-ашка болгон баалар өсүп, көпчүлүк тармактардын айлык маяналары ошол боюнча калып жатат.

 

Мындай учурда мамлекет колдон келишинче Кыргызстанга иштин көзүн билген инвесторлорду чакырып, элдин жашоосун жеңилдеткени оң. Жогорку Кеңештин ар бир чечими терең ойлонулган болушу шарт. Ишенимдүү өнөктөш катары өлгөнүн репутациясы жогору болгону дурус. Жөн жерден оюн шарттары өзгөрүп, бир ишкердин кызыкчылыгы үчүн экинчи ишкердин кызыкчылыгы тебеленген шартта кимдин эле Кыргызстан үчүн каражат бөлгүсү келсин. Эл өкүлдөрү эки күндүн биринде кыргызстандыктарды нааразы кылган же күлкүсүн келтирген демилгелерди көтөрүп чыгышууда. Дал азыркы учурда депутаттардын жарандарга жардам берүүгө жана өзүнө чейинки эл өкүлдөрүнүн каталарын оңдоп кетүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал үчүн кичи насыя берүүчү компаниялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган өзгөртүүлөрдүн максатка ылайык өзгөрүшүнө карата маселе көтөргөнү туура. Балким, өзгөртүүлөрдү алып таштап, мурунку эрежелерди калтырганы туура болор. Ал эми алар бекип калган болсо, жогоруда аталган тармакты толугу менен жөнгө салуучу жаңы мыйзам иштеп чыгуу зарыл.

 

Жаңы ачылыш жасоонун кереги жок. Башка өлкөлөрдүн бай тажрыйбасы эле чоң өбөлгө болуп берет.


АКШ менен Европанын тажрыйбасы өөн учураса, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн кеңеш сурасак болот (Биримдиктин КРдан башка бардык өлкөлөрүндө кичи насыя иши мыйзамдашкан).


Мыйзамды иштеп чыгууга министрлер кабинетинин мүчөлөрүн, бизнес өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди жана жарандык коомду чакырганды унутпасак. Бийлик элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген укуктук мамлекеттерде дал ушундай иш алып барылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн