Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 06:34
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кежир, ынжык, айтканды укпаган, оңго десе солго баскан мажирөө элбизби?

27.03.2020 14:41
2155
Кежир, ынжык, айтканды укпаган, оңго десе солго баскан мажирөө элбизби?


Байкасам, кээ бирлер «үйдө отур, өзүндүн, элиндин, өлкөнүн коопсуздугун, амандыгын ойло, кирип келген апаатты жеңүүгө үйүндөн чыкпай, салымынды кош» дегенди аткарууга моюндары жар бербей, социалдык тармактарда ар нерсени айтышып, жазышууда. Үйлөрүнөн эч жакка чыкпай отуруу колдорунан келбей, чыдамдары кетип, коменданттык сааттын тартиптерин аткарбай, көчөлөп кетип аткандарга такыр түшүнбөйм. Ушунчалык да тежик, кежир, ынжык, айтканды укпаган, оңго десе солго баскан, жакшылыктан жамандык, туурадан кемчилик издеген, сындаганды эле билип, жоопкерчилик дегенди түк билбеген мажирөө элбизби? Үйдөн эч жакка чыкпай олтуруунун эмне кыйынчылыгы бар?

 

Чындап келгенде, Өзгөчө абалдын киргизилүүсү коронавирус илдетин жеңүүнүн жападан жалгыз гана жолу. Ансыз аны жеңерибиз өтө арсар. Жарандарды бири-бири менен байланыштырбай, эркиндиктерин чектөө менен гана коронавирус инфекциясынын жайылуусун токтотууга болоруна саналуу күндөрдө ынандык. Өзгөчө абал киргизилбегенде, вирусту жуктургандардын сандары күн санап көбөйүп, өлкөнүн бардык аймагына таркап, натыйжада өлкөбүз тунгуюкка кептелип, айлабызды таппай эле отуруп калмакпыз. Тилекке каршы, биздин өлкөнүн бюджети «өлбө жаным, өлбө» деген кейиштүү абалда. Кошуна Кытайдай болуп керектүү каражатты сарптай албайбыз. Антсек, ансыз да аткарылуусу бүдөмүк болуп аткан бюджет аткарылбай, айлык, пенсия, жөлөкпул дегендер берилбей, экономикалык кризиске кептелишибиз ыктымал. Индиянын премьери: «21 күн өзгөчө абал киргизип, коронавирусту жеңбесек, Индиянын экономикасы 21 жыл артка кетет» деди. Биздин мисалда деле ушуну айтууга болот. Экономикалык оор кырдаалдан чыгуу үчүн эл аралык каржы институттарынан, донор өлкөлөрдөн карыздап акча алып, абалыбыз андан бетер оорлой турганын бөркүбүздөй көрөлү.

 

Кээ бирлер өкмөттү канчалык сынга алышпасын, бирок бүгүнкү күндө кырдаал талап кылган иш-чаралар жүргүзүлүп, ыкчам аракетер көрүлүп атат. Президенттин Жарлыгы менен Өзгөчө абал киргизилгени эң туура чечим болду. Өзгөчө абал режимин, коменданттык сааттын тартиптерин кынтыксыз аткарып, сабырдуулук, толеранттуулук, түшүнүүчүлүк менен мамиле кылууга милдеттүүбүз. Андыктан ар бирибиз өзүбүздүн, үй-бүлөбүздүн, жалпы улуттун, өлкөнүн алдындагы жоопкерчилигибизди сезели, ар бирибизге, элибизге, өлкөбүзгө кирип келген чоң сыноодон татыктуу чыгалы. Бизде коронавирусту женүүнүн башка жолу жок.


Мирлан Дүйшөнбаев, журналист


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн