Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кылмыш иши токтотулду. Жаныбек Абиров жабырлануучу менен элдешти

28.03.2023 12:00
268
Кылмыш иши токтотулду. Жаныбек Абиров жабырлануучу менен элдешти

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Бегимай Керимова билдирди.


Кылмыш ишинин токтотулушуна  тараптардын бири-бири менен элдешүүсү себеп болду.


 Керимова билдиргендей,  бүгүн тараптар жолугушуп, күзөтчүдөн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн кечирим сурашкан. Күзөтчүнү ур-токмокко алган тарап жабырлануучу жана анын энеси менен жолугушуп, элдешишкен. Жабырлануучу тарап дагы Ыйык Орозо айында кечиримдүү болуу керектигин жана бири-бирин түшүнбөстүктүн айынан ушул окуя болуп кеткенин белгилешип, кечиришкенин айтышкан.


Эске салсак, кечээ Жаныбек Абиров депутаттык мандатын  тапшыруу боюнча арызын жазып, аны БШК канаттаандырды. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн