Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:13
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кылмышын токтотуу үчүн 7,5 миң доллар талап кылган УКМКнын жалганчы кызматкери кармалды

01.04.2022 13:03
382
Кылмышын токтотуу үчүн 7,5 миң доллар талап кылган УКМКнын жалганчы кызматкери кармалды

УКМКнын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


 2022-жылдын 30-мартында КР УКМК тарабынан өзүн КР УКМКнын кызматкери жана төрагасынын жардамчысы катары тааныштырып элдин ишенимине кирип алып мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген, Эрматов Осмонали Абдулхашимович аттуу жаран кармалды. 


 2022-жылдын январь айында аталган адам Суранов Равшан аттуу Тажикистан Республикасынын жараны аркылуу Сарыбаев Жангазы Алибаевичтин ишенимине кирип, прокуратура органдары тарабынан жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө маселени чечүү үчүн 7500 АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын алган. Жана ошондой эле Эрматов О.А. КР УКМКнын Борбордук аппаратында иштегенин, анын иш бөлмөсү КР УКМК төрагасынын иш бөлмөсүнө жакын жайгашкандыгын билдирген. 


 Бул факты боюнча О.А. Эрматовго карата 2022-жылдын 30-мартында КР УКМКнын тергөө башкармалыгы алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн