Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:44
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кылмышкер изделүүдө. Ысык-Атада адам өлтүрүүгө шектелген жаран абактан качып кеткен

Кылмышкер изделүүдө. Ысык-Атада адам өлтүрүүгө шектелген жаран абактан качып кеткен


Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен оор кылмыштарга шектелген 29 жаштагы киши изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, кармалып турган Кушубек Сабыров 5-июнга караган түнү саат 01:40 чамасында качып кеткен. Ал Балыкчы шаарында туулган, улуту — кыргыз, билими — орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон. Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Адамды уурдоо"), 207-беренеси ("Каракчылык"), 169-беренеси ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу") жана 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 30-май күнү өткөн.


"Шектүү "ден соолугум жакшы болбой жатат" деп нөөмөттөгү милиционер Ж.Тдан жардам сураган. Сержант кармоочу жайдын №2 камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып кирген маалда Сабыров жүрөгү ооруганын айтып, дары-дармек берүүнү өтүнгөндүктөн нөөмөт бөлүмүнө барып дары алып келген. Ошол маалда Сабыров милиционердин мойнуна бычак такап, жерге жаткырып колуна темир кишен салып, бутун матрацтын айрындысы менен байлап, оозуна чүпүрөк тыгып койгон. Анан жанындагы убактылуу кармоочу жайдын кире бериш ачкычын алып качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.


Окуя болгон жерди кароо учурунда бычак, аттиш, матрацтын айрындысы, кишен, андан тышкары убактылуу кармоочу жайдын сыртынан уюлдук телефону табылган.


Аталган окуя боюнча тийиштүү багыттамалар берилген. Андан тышкары Чүй облусунун аймагында шектүүнү кармоо боюнча бир канча пландар киргизилип, ыкчам түрдө изделип жатат.


Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 368-беренесинин ("Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу") негизинде иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө. Ысык-Ата РИИБи шектүүнү билгендер жана көргөндөр болсо жакын арадагы милиция бөлүмүнө же 102 номуруна билдирип коюну өтүндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн