Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кинорежиссер жана сценарист Марат Сарулунун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

11.03.2023 12:34
2474
Кинорежиссер жана сценарист Марат Сарулунун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду


Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссер жана сценарист Марат Сарулу акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.

Маркум менен коштошуу зыйнатына маданият министри Алтынбек Макутов баштаган чыгармачыл интелегенциянын өкүлдөрү, кесиптештери жана жалпы коомчулук катышты.

Министр узатуу зыйынатында сүйлөп жатып, анын чыгармачылыгына жана кеңири дүйнө таанымына токтолуп, анын жөнөкөйлүгү жана башкалардан жогорку интеллектиси менен айырмалана турганын, адамдык парасаты кайгырууу менен эскерди.

Маркумдун сөөгү Ала Арча көрүстөнүнө жерге берилди.

Марат Сарулу 2023-жылдын 9-мартында мезгилсиз дүйнө салды. Соңку жылдары Марат Сарулу Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде «Кино» кафедрасынын жаш кинематографисттерине билим берип, келечектеги кино тармагына аралаша турган адистерди даярдоого салым кошуп жаткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн