Чын курандын 24, 2025
Убакыт: 22:18
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Кипр Кыргызстан менен кызматташтыкты жогорулатууга багытталган демилгелерди колдойт

24.04.2025 17:24
29
Кипр Кыргызстан менен кызматташтыкты жогорулатууга багытталган демилгелерди колдойт


Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кипрдин Кыргызстандагы элчиси Кипрос Йоргаллисти кабыл алды.


Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу алаканы бекемдөө, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу жана парламенттер аралык карым-катнашты жакшыртуу маселелери талкууланды.


Улан Примов Кыргызстан Европа өлкөлөрү менен, анын ичинде Кипр менен дагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өзгөчө энергетика, инвестиция, транспорт, инфраструктура, өнөр-жай жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын билдирди.


«Бул жаатта чогуу бизнес форумдарды уюштуруп, ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө аракеттенүү маанилүү багыттардын бири. Өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформалардын басымдуу бөлүгү да ушуга багытталган», - деди комитет төрагасы.   


Ошондой эле эки өлкө ортосундагы ынтымакты чыңдоодо парламенттер аралык диалогдун маанилүүлүгүнө токтолгон Улан Примов бул үчүн Жогорку Кеңеште атайын депутаттык достук тобу түзүлгөнүн өзгөчө белгиледи. 


Мындан тышкары Кыргызстан менен Кипрдин ортосунда кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрү чоң экенин карабай, товар жүгүртүүнүн көлөмү төмөн бойдон калып жатканына көңүл бурган комитет төрагасы бул жаатта тийиштүү иштерди алып баруу зарылдыгын ортого салды. 


Өз кезегинде элчи Кипрос Йоргаллис Кыргызстанга үчүнчү ирет келип жатканын белгилеп, жылуу тосуп алганы үчүн комитет төрагасы Улан Примовго ыраазычылыгын билдирди. Муну менен катар Кыргызстандын эл аралык аренада жүргүзүп жаткан көп векторлуу саясатын жана өлкөдөгү реформаларды жогору баалап, Кипр Борбор Азия мамлекеттери, айрыкча Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты жогорулатууга багытталган бардык демилгелерди колдой турганын билдирди. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн