Бугу 03, 2024
Убакыт: 06:48
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кырдаал турукташса, октябрдан тарта окуучулар мектептерде салттуу негизде окуп башташат

15.09.2020 15:40
1119
Кырдаал турукташса, октябрдан тарта окуучулар мектептерде салттуу негизде окуп башташат


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-сентябрда, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, билим берүү системасын өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечеги, аны санариптештирүү боюнча чаралар талкууланды.

Онлайн кеңешменин жүрүшүндө министр эпидемиологиялык кырдаал турукташса, октябрь айынан тартып мектептерде салттуу негизде билим берүүнү жандандыруу пландаштырылып жатканын белгиледи.

Президент дүйнөнүн бардык өнүккөн өлкөлөрү билим берүү чөйрөсүнө алдыңкы санарип технологияларын активдүү киргизип жаткандыгын, ошондуктан аларды мындан ары өнүктүрүү жана иш жүзүндө колдонуу зарылдыгын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков бул багыттагы иш-чаралардын аткарылышын токтотууга болбой тургандыгын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы аралыкта салттуу тартипте билим берүү процессин жандандыруу сунушун колдоп, аны баштапкы класстардан этап-этабы менен баштоону сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн