Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кирешесин жашырып келгендер кылмыш жоопкерчилигине тартылат, - Коопсуздук кеңеши

20.05.2020 15:03
2061
Кирешесин жашырып келгендер кылмыш жоопкерчилигине тартылат, - Коопсуздук кеңеши


Мыйзамдын кабыл алынышы менен биздин декларациялык компания кыйла натыйжалуу болот. Өздөрүнүн кирешелери менен чоң чыгашаларын жаап-жашырып келген адамдар эртеби-кечпи кылмыш жоопкерчилигине тартылышат, деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда.

Коопсуздук кеңешинин катчысы декларациялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу максатында 2019-жылдын ноябрынан тарта «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды убактылуу ээлеген же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгашаларын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо тууралуу» 2017-жылдын 2-августундагы № 164 мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу багытында иш жүргөндүгүн айтты.

Бул мыйзам долбоору антикоррупциялык жаңы иштиктүү механизмдерди киргизет, бардык деңгээлдеги чиновниктердин чыгашалары менен кирешелерин көзөмөлдөөнү кыйла катаалдаштырат. Бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн негиздерди экиден сегизге чейин көбөйтүү каралууда.

Бүгүнкү күндө колдонуудагы мыйзамдарда бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн эки гана негиз каралган (маалыматтардын чындыкка дал келбеши жана кирешелери менен чыгашаларынын туура келбегендиги жөнүндө маалыматтардын келиши). Бир катар чет мамлекеттердин тажрыйбаларын иликтөөнү эске алуу менен мыйзам долбоору аркылуу декларацияларды толук текшерүү үчүн бул тизмени дагы алты негиз менен толуктоо каралууда.

Президент мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү багыттарынын бири — декларациялоо жөнүндө мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу болушу керектигин баса белгиледи.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин чыгашалары менен кирешелерин декларациялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртууга өзгөчө көңүл бурду. Бул мыйзамдардын ченемдерин бузгандыгы үчүн катуу жоопкерчилик каралышы керек. «Мыйзамга өзгөртүүлөрдүн кириши декларативдүү мүнөзгө эле ээ болуп калбастан, иштиктүү механизм менен бекемделиши керек», — деп баса белгиледи президент.

Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте бул багыттагы мыйзамдарды жакшыртуу процессин тездетүү милдетин койду.


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Калыгулов Автандил
Мындай коосуздук кызматты эмне кереги бар оз элине каршы чыккан иттердин
Самат
Убакыт откоруш керек! ушул убакка чейин келдинер го эми качан????