Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев бүгүн, 29-декабрда 84 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу акындын келини Асел "Азаттыкка" кабарлады.
Маркумдун тажиясы 31-декабрда болот, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Сүйөркул Тургунбаев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акыны."Кечки троллейбус", "Замандаштын дүйнөсү", "Жарыктын ыры", "Эки аска" өңдүү ондогон китептердин автору.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн